www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы эң эле беделдүү "Оскар" сыйлыгынын "Мыкты чет элдик тасма" номинациясынын узун тизмесине кирди. Атаандаш тасмалар кино сыйлыктын сайтына жарыяланды.

Узун тизмеде жалпы жонунан 90 кинокартина бар. Казакстандан "Желтая кошка", Өзбекстандан "Две тысячи песен Фариды", Россиядан "Разжимая кулаки" тасмалары көрсөтүлгөн.

Киноленталарды кыска тизмеге тандоо үчүн добуш берүү 10-декабрда башталып, 15-декабрга чейин созулат. Анын жыйынтыгы 21-декабрда жарыяланмакчы.

"Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 2022-жылдын 27-мартында Голливуддагы Dolby Theatre кинотеатрындагы салтанаттуу иш-чарада жарыяланат. Номинанттардын толук тизмеси 8-февралда белгилүү болот.

Белгилей кетсек, "Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

Эске салсак, аталган тасма буга чейин Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалында (AWFF) Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" сыйлыгын алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости