www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шамбесайды калк бир жылга сактап калды…

2-февралда Кадамжай районунун миңдеген тургундары Майдан айылына чогулуп, Шамбесай алтын кенин иштетүүгө каршылыгын билдирген. Жергиликтүү калк кен Майдан айылына жана жүз миңдеген адам суу ичкен, дыйканчылык, багбанчылыгына суу алган Исфайрам дарыясына 300-500 метр жакындыгы экологиялык катастрофага алып келет деп коркот.

Ал эми экономикалык жагына келгенде, Шамбесай алтын кенинде Кыргызстандын 1% үлүшү жок. Кытай компаниясы жергиликтүү калкка жумуш беребиз, беш жыл иштеткенибиз үчүн айыл өкмөткө  40млн. сом төлөйбүз деп жатат…

Шамбесайда бери дегенде 15 тонна, ары дегенде 40 тонна алтын бар экени расмий органдар тарабынан билдирилген. 15 тонна алтын 40 млрд. сомдун тегереги болот.

Мына ушул 40 млрд. сомдон  40 млн. сом беребиз деген эмне деген шылдың? Эмне деген маскара? Бирок ага карабай жергиликтүү жана борбордук бийлик кенди ачууга көп далбас урду. Дагы да уруп жатат. Калктын жапырт жана кескин каршылыгы гана аларды токтотууда.

Кендерди караган Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети Шамбесай алтын кенин казууну көздөгөн компаниянын ишин 2019-жылга чейин токтотуу чечимин 5-мартта чыгарды. Ошондой эле кен боюнча калктын кайрылуусун карап, иликтеп чыгууну Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына тапшырды. Алар маселени жеринде иликтеп чыгууга тийиш.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин расмий чечимин жарыялаган катта так эместиктер байкалат. Маселен, комитет кенди иштетүүгө лицензия 2025-жылга чейин “Зет-Эксплорер” компаниясына берилген деп жазат. Австралиянын “Зет-Эксплорер” компаниясы Майдан айыл өкмөтүндөгү калктын жапырт каршылыгынан кийин лицензиясын Кытай компаниясына сатып кеткен. Бул 2-февралда Майданда калк менен жолугушууга кытайлардын келиши менен да ырасталат. Ошондуктан комитет азыр лицензия ээси болуп турган Кытай компаниясынын атын атаса болмок.

Кандай болгон күндө да Кадамжай районундагы Майдан, А.Масалиев жана башка ошол тегеректеги айыл өкмөттөрдүн тургундарынын жапырт каршылыгы менен Шамбесай алтын кенин ачуу убактылуу токтотулду. Бир жылга тыныгуу алынды…

Булак:elnews.media

Последние новости