www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шадыкан саяпкердин атасы Токтомат да чоң саяпкер болгон. Байгеге чапканда аттын чыгарын, байгеге илинерин жана каларын билген. Токтомат саяпкер атка биринчи саяпкер болуп күлүктү 18 түргө бөлүп, аттын канчалык жерге жүгүрөрүн билген. Күлүк аттын бир түрлүү сыны Токтомат саяпкердин айтуусунда төмөнкүдөй: саадактап саны салынган, илбирстей ичи тартылган, бөрү кулак, бөкөн сан, бууданга чалыш ат.
Кулун сындуу куран сан, кулжа моюн төгөрөк, куланга чалыш ат экен. Кашка тиши кадоодой кара тили бүлөдөй, телегейи тегиз тарамыш, кара кушу калкандай, жазы жаак кең маңдай, жото жилик жонгондой, жонуна жатып конгондой, балык эти баладай, туяктары чарадай.
Кар жилиги кадоодой, музга тууп, ташта өскөн тоокайыптан жалгашкан, кыска бакай, тик далы. Эшек туяк элик баш, эңчер бойлуу жатак төш, кара саны түрүлгөн, ээрди шалпык, бото көз, чымыр туяк, үкү аяк, өйдө ылдыйды ылгагыс.
Тайган иттей кыржыктап, бүткөн боюу тарамыш. Көмкөргөндөй карчыты, жупжумуру моюну түз. Балык эти балкылдап, боо сырты тептегиз. Арпа сыйбас азуусу коюланган кашка тиш. Энөө жерде эликтей, өргө чапса учкан куш. Тарткан жаадай зыркырап, дайра кечсе кебелгис. Уюл, уюл качкан бел, төө толорсук тайган төш. Каман жаак, алма баш, үлбүр сагак үч чоку.
Туу - Чокуда кулагы: уй куймулчак, тик жамбаш, чакмак эти түрүлгөн кара эти кагелес. Чымыр туяк, тик бакай, айчылыкка арыгыс, күндөп-түндөп жүрсө да, чарчабаган талыгып. Шымаланган эликтей : кулун куйрук болсо туш, тал-тал көкүл сыйда жал, таап алган армансыз.
Октолуп ок жыландай жумуруланып, ээлигип кыйгач карап кужурланып, элирип, чымын учса, көктү карап, көрүнүп турган куштай оюн салып, чуу чыкса камырабай моюн созуп, «чү» десе учкан куштай канат сызып, айкырып алды-арты дүбүр болсо , козголбой турганына жүрөк сезип, Чолпондой көзү жайнап, ичке сагак.
Сүмбөдөй тулку боюу сырттан жарап. Оозун керип, көп эстеп улутунуп, ойноктоп, жерди чапчып, асман карап. Муз бөйрөк, бели кыска, бирдей сүбөө, түпөктөй туу куйругу өркөч бийик. Тең келбес кайберендер кулан кийик, кайрылып эки азуу көмөкөйгө. Көрүнүп, копшогондой жото жилик, узун жамбаш, кең соору алчак басык. Кылыксыз бөрү желиш, алчак басык, тарамыш тула боюу сын сөөктүү. Тайган төш, камыш кулак, боору жарык, жүгүрсө закым болуп, көзгө илинбей.
Куттуксейит да жылкы багып, азамат жигитеринен жылкычыларына жылкы бактырып келген. Куттуксейиттин ашында Шамен Таңчолпон күлүгүн таптап салмай болду. Ат таптоо Токтомат саяпкердин ыгы боюнча түрлүү болуп, ыраңга семирген Таңчолпонду таптап, байлап жана колго семирген атты кайта таптоо болгон.
Ыраңга семирген Таңчолпонду таптоо ал кезде өтө кыйын болгон, бирок байгеге сайылган эки жүз кул, бүт сарбагыштардын жылкысы да оңой эмес болгон. Ал замандарда чапкан атка жем бербестен, боз от, бетеге оттотуп, кээ бир чакта бээнин сүтүн берип, мамыга көбүрөөк байлап коюп таштаган. Муну Токтомат саяпкер «куу мамы» деген ыкма деген.
Аттын табы катуу жумшагы болуп, эгерде семиз болбосо, же тер калса да, жаздын күнү чабылган ат майып болбогон, бузулган күлүккө үч түрлүү дабаа табылган. Бирок Куттуксейиттин ашы күз оой бериле турган болду. Убакыт аз, эми эмне кылыш керек? Биринчиден, көктөмгө агытып, семиртүү, экинчиден тулаңга агыта берүү, үчүнчүдөн, күкүрт, көбүнчө карандыз берүү.
Күз убак. Эл жайлоодон түшүп, кыштоолорго конуп жатат. Шамендин үйүндө толгон эл. Аш башталды. Ашка Куттуксейит, Эсенкулду билген кыргыздын мыктылары, чектеш казак, өзбек, уйгурдан төрөлөрү бүт келген. Ат чабышка үч күн калганда чабыла турган аттар чубатууга салынды. Чубатуу бүттү.
Эми ат чабам деген коноктор өз сынын, баамын айтышы мүмкүн. Мына ошондо кимдин аты кандай экенин билишсе болот. Атты чабар этине келди деген белгилери бир нече түрлүү болуп, биринчи тери калбайт, экинчиси, май калбайт, үчүнчүсү, каны толук болсо да, эти, сыны, сөөгү семиз аттыкындай болот.
Төртүнчү, сууту абдан кандырылаганы. Этине абдан келген аттын белгиси өз мүнөзүнө жараша болуп, кээ бири магдырап , кээ бири чакчаңдап турат. Алардын барында түпкү бир белгиси кандай болсо да , кандай суутса да, канчалык чөпкө тойсо да, таң ашырылган. Чабар күнү суу ичпейт, чапкан аттын жинигип өлмөгү, ачкачылык же семиздик, же тер калгандык болот.
Бул үчөө бирден жок болсо да, жана ичинде бузугу болбосо, канчалык алыска чапса майып болбогон. Жанын таштай чуркай турган аттардын соорусу балкылдап калбастан, жабышып калат. Чоң тер алганда барыш келиши 25 чакырым болуп, кулактын учунан тер акса, ошончолук калың жабууда жүрүп, чу десе, аягы буйдалбастан, анда-мында бир тийип жулунуп ала качат. Тер алганда ат кандай күүлүү болсо, эртеси байгеге ошондой жүгүрөт.
Чыгар аттын белгиси жүнү типтик болуп, бузугу жок болсо, сийдиги тунук болот. Колго семиртип чабылган атты күзүндө көккө бир байлап, семиртип, кайра кайтарат. Жеми көбүнчө арпа, таруу болуп, эгерде этинен ооп баратса буудай берет.
Чоң ат чабыш болоор алдында күлүк аттардын ээлери, саяпкерлер уктабай калат, алар бири-бирин аңдып, кеп тыңшап, атактуу чоң саяпкерлерди аңдып, эмне дээр экен деп байкап калышат. Атактуу саяпкерлер кайсыл аттын канча күлүктүгү бар, жана аттын ээсинин таптап байлаганында эмне кемчилик бар экенин билет. Ошол үчүн ал саяпкерлердин айтканы дал келип каларын эл баамдайт. Ошондуктан саяпкерлер чоочун кишинин алдында же көп кишинин арасында.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg