www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кримавторитет, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук кароо аягына чыкканга жакындап калды. Ага акыркы чекитти, албетте, сот коюп, аферада кимдин канча салымы бар экендигин аныктап, мөөнөттөрдү, жазаларды бөлүштүрөт.
Бирок, айыптоо корутундунун материалдарына жана соттук кароодон алынып, таркатылып жаткан маалыматтарга ылайык, анын негизги уюштуруучусу УКМКнын ошол убактагы жетекчиси Шамиль Атаханов болсо, аны ишке ашырууга түздөн түз көрсөтмө берген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экендиги айкын болуп калды. Ал ишке УКМКнын төрагасынын ошол убактагы кеңешчиси Марат Бекенов, президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүнүн ошол убактагы башчысы Индира Жолдубаева, Нарын шаардык сотунун ошол убактагы төрагасы Жапар Эрматов жана башкалар да аралашышкан, бирок алардын аферадагы ролдору аткаруучулук мүнөздө болгондугун, алар негизинен жогорудагы экөөсүнүн көрсөтмөлөрүн гана аткарышкандыгын белгилей кетүүбүз керек.
Соттук кароолордо Россиялык Алимжан Мирзаев деген журналист да чыгууда.
Ш.Атахановго 2012-жылы биринчи болуп ал келип жолугуп, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун жакын адамы, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Адам Делимхановдун атынан “мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин ооруусуна байланышкан маселе боюнча” киргендигин айтып, чечендердин билермандарынын аны бошотуу тууралуу сунушун билдирет.
Атаханов аны ошол замат УКМКнын имаратынан гана эмес, Кыргызстандан да чыгартып жибергендин ордуна ал кабарды ошо замат АШАга жеткирип, анын макулдугу менен көп өтпөй менчик самолёт менен учуп келген А.Делимханов менен да жолугушат.
Россиялык депутат “мыйзамдагы ууруну” айыккыс дартка шылтоолоп, Кыргызстандан чыгарып жиберүүнү айтат. Ошондо Ш.Атахановдун эсине ал кызматка жаңы киришкенде мамлекет башчысы А.Атамбаевдин мыйзамсыз жолдор менен болсо да Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келүүнү талап кылгандыгын эстеп, кыргыз бийлиги А.Батукаевди Ж.Бакиевге башма-баш алмашууга даяр экендигин билдирет. Бул бир нече жыл өтүп, Ш.Атаханов кармалып, СИЗОго киргизилгенден кийинки версия.
Ачыгын айталы, бизде, деги эле акыл-эстүү адамдарда бул версия кенедей да ишеним жаратпайт. Биздин оюбузча, муну кийин ал шефи экөөсү мыйзамдагы уурунун эркиндигин олчойгон жашылбайларга сатып жибергендиктерин актоо үчүн эле өз ойлорунан чыгара коюшкандыктары оркоюп эле көрүнүп турат. Эмне үчүн биз минтип айтып жатабыз?
(Уландысы бар)
Булак: Майдан.kg