www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шамкеев кайсы эмгеги үчүн 107 миң сом айлык алат? Кандайдыр бир жакшы ниет менен башталган иштер ошол жерге барган алсыз анан өзүмчүл жетекчинин айынан аксап калаары айдан ачык.

Мындай жетекчилердин айынан канчалаган адамдар түзүлгөн мүмкүнчүлүккө колун жеткире албай баштарын мыкчып кала беришет.

Дегеним, Мамлекеттик ипотекалык компанияны жакшы ниет, жакшы тилек менен түзүштү эле. Үй-жайсыз батирлеп жүргөн жарандарыбыздын көйгөйүн чечүү максатында. Ооба, максаттар абдан жакшы эле. коомчулук да муну кош колдоп кубатташкан. Кыялдар канатчан аргымактарга мине далай адамдар үйлүү да болуу бактысы алыс эмес деп жатышкан.

Бирок, аталган компания жалай гана пиар менен алектенип, жарытылуу иш жасай албай келет. Жетекчилик жарандарыбызга ошол ипотеканын жолдорун, жоболорун толук түшүндүрбөй, толгон токой кагаздарды толтуруу бюрократиясын күчөтүшүп, ушу тапка чейин бир да карапайым адам аталган долбоордун алкагында үйгө ээ болбой келет.

Жагдай мындай өңүттө өнүгүп жаткан соң эмне кылуу керек деген собол туулат. Жок дегенде аталган компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев бюджеттен алган 107 миң сом айлыгын актабайбы?! Же өзү эле тоюнса башкаларды унутуп калабы?

Баса, ушунча айлык алат бекен деп таң калбаңыздар, мун ал өз оозу менен айткан. Же бизде жөн гана жомоктуу идеяларды долбоорлоштуруп коюп, жетекчилерди эле багып жата беребизби?

Булак: "Де-Факто"

Последние новости