www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиядагы мигрант Шамурза Бөрүкулов, Адахан Мадумаровго чукул Кайрылуу жасады.
--Адахан Кимсанбаевич, мен сенден улуу адам болгондуктан, сага сен деп кайрыламын. Мен, үй бүлөм менен сыртка тиричилик үчүн чыгып кеткен бир эмгек мигрантымын. Бирок, миллиондогон башка мигранттар катары, менин жүрөгүмдү ооруткан, дайыма тынчтык бербей айламды кетирген-бул менин Кыргызстаным, туулган жерим, кыргыз элим. Менин кайрылуумду сен окуйсуңбу, же сага жетпей калабы билбейм, бирок баары бир жазып жатам.
Адахан, сени карапайым эл колдоп келди: таза инсан, билимдүү саясатчы деп. Ошондой эле сыртта жүргөн миллиондон мигранттар, колубуз кыска болсо да, жүрөгүбүз менен сени колдоп келгенбиз. 2017-жылы Адахан деп жатып, Адахан деп туруп калганбыз. Адахан деп ырларды чыгарганбыз. Муну айтпашым керек эле, бирок айтышка туура келет: пешене терибиз менен тапкан акчабызды сенин шайлоо каражатыңа деп салганбыз.
Шайлоодон кийин сен: "Атамбаев менен кызматташууга даярмын" деп айтканга чейин, сени биз пир тутуп келдик. Мен ошондо эле алдын ала сезгем: Атамбаев Жээнбековду бирге кулатып, сени президент кылам деген болуш керек деп. Мына ошол болжолум бүгүн акыйкат болуп олтурат.
Адахан, сен бүгүн ИИМге Курсан Асановду, УКМК Субаналиевди отургузуп коюп, "Садырды тааныбайбыз" деп айттыргызып, өзүң болсо четке чыгып, эч нерсе билмексен болуп олтурасың. Жөн олтурган жоксуң, эртең Атамбаевчилердин митинг кылышына, бийликти басып алышына жол ачып олтурасың. Туура, Садырдын силерге күчү жетпейт. Себеби сен Атамбаевдин арам методуна салып, күч түзүмдөрүн өзүңө каратып алдың. Садыр Өкмөткө барып олтургандан кийин машинасын, охранасын алдырып кеттиң. Эртеңки Атамбаев, Бабанов, Отунбаева, Текебаевдердин саат 13-00 дөгү митингине шарт түзүп жатасың. Адахан, Атамбаевдер менен биригип, элге кыянатчылык кылба. Билип эле турам, Садырдан бийликти Атамбаевчилер тартып алат, Курсан Асанов, Субаналиев болушуп, андан соң баардык процедуралар аткарылып, акырында сен президент болосуң. Ага чейин сен “как будто” эч нерсеге тиешең жок болуп сырттан карап турасың. Атамбаевдер эркиндикте калат. А түгүл аларды бийлик кызматтарына чекеден олтургузасың, себеби алар сага көптөн жетпей жаткан президенттикти алып беришет да.
Адахан, сен билимдүү, түшүнүктүү адамсың, сенден суранамын, өзүң айтып жүргөн мындай арам жол менен бийликке барба. Элдин назарынан калба. Сени ээрчиген карапайым эл, бүгүн Садыр деп турушат. Садыр менен сүйлөшүп, өлкөнүн стабилдүүлүгүн орноткула. Президенттик шайлоого өзүңдү кой, өтсөң пожалуйста иште. Сыртта саргайышып жүрүшүп, шайлоодон шайлоого "Мадумаров" дешип, сени колдогон мигранттардын ырысын кыйба, ишеничин тепсебе, жетим баладай кылып зарлантпа. Сенин атамбаевчилер менен тил табышып кеткениң, сырттагы эмгек миграттарынын жүрөгүн кандай оорутарын сен элестетип көр. Атамбаевчилердин орду түрмө экенин, эгер эле алар менен баштаган ыплас ишиңди аягына чыгарып президент болсоң, анда сен союз бузулгандан берки эң жийиркеничтүү, эң нан тепти, эң жүзү кара президент болосуң. Ушул нерсе сага керекпи? Улуу башым менен сенден суранамын, Садыр Жапаровго иштегенге мүмкүнчүлүк бер. Эл Садыр деп турат, ушуну унутпа.
Эң башкысы, эки тарап кылып жаш өмүрлөрдү кыйба. Садырды колдогондор да эч нерседен кайтпайт. Бабанов, Сурабалдиева, Жанар акча таркатып топтогон жугундукорлор менен Садырды колдогондордун ортосунда “не на шутку” согуш болот. Адамдардын канынан корк. Ушул аталанын баарын сен, жана Атамбаев кылып жатасыңар. Элдин убалынан корккула.
Шамурза Бөрүкулов, мигрант
Булак: NazarNews.kg