www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда абал курчуп бара жатат. Жергиликтүү жарандар абалдын курчуп бара жаткандыгына тынчсызданып жатышат. “Форумдун” алдынан куралданган белгисиз жарандардын сүрөттөрү социалдык тармактарды тароодо. Азимбек Бекназаров, Алмазбек Атамбаевге Сооронбай Жээнбековго жана оппозиция өкүлдөрүнүн баарына чукул Кайрылуу жасады.

--Урматтуу Алмаз досум, сен экөөбүз далай жүрдүк, азап менен тозокту тарттык.  Мен сага айтайын эсиң барда этегиңди жый. Сага өткөндөгү кан аздык кылабы?! Бүгүн, элди алып чыгам деген аракетиң, канды эңсеп турганыңбы, мен ойлойм андайга барбайсың. Эски досуң катары айтайын жаштарды токтот, тобокелге салба! Эгерде сен тобокелге салсаң ошондой аракет кылсаң, мен сага ачык айтайын галстугум менен костюмумду чечирбе! Сага каршы мен чыгам же сенин, же менин каным төгүлсүн, башкалардын каны төгүлбөсүн! Сени легитимдүү бийлик менен кызматташууга жана укук талаасына кайтканга чакырамын!, -деди Азимбек Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости