www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тополоңдо жарадар болгондорго өкмөттөн жардам берилип жатыптыр, ошого ыраазы болушсун. Бирок, баатыр бер деп жагалданбай жөн олтургула. Мындай пикирин бүгүн, 17-февралда жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Октябрь окуясына катышкандарга баатыр сурап жаткандар! дени кардыңар сообу иши кылып. "Баатыр" деген сөздү оозго албай тынч олтургулачы, маанисине жетпегенден кийин. "Ит үргөн сайын бир боорсок" дегендей, алты миллион калкы бар кыргызстанга баатырлар слишком көбөйүп кеткен жокпу?

Тополоңдо жарадар болгондорго өкмөттөн жардам берилип жатыптыр, ошого ыраазы болушсун. Бирок, баатыр бер деп жагалданбай жөн олтургула.

Анын үстүнө октябрь тополоңуна катышкандарга баатыр берсе, президентибиз Садыр Жапаров деле, өзүнө бийлик алып келгендерди сыйлаган Атамбаев, Отунбаевалардын бири болуп калбайбы.

Азыркы учурда Баатыр деген наам бериле турган болсо, жалгыз гана Ташиевге жарашат, себеби анын баатырлыгын эл бүт көргөнбүз. Ансыз деле 2010-жылы Жалал- Абаддагы Курманбек стадионуна чогулган он миңдеген адамдар, Ташиевди Эл баатыры деп атап алганбыз. Эми ошол нерсе жалпы кыргыз элине тиешелүү болуп, мыйзамдуу түрдө ыйгарылса туура болмок. Ал эми Мискенбаевге окшогон баатырлардын көптүгүнөн башыбыз айланып жүрөбүз. "Сегиз эчкиге сексен теке" дегендей, алты миллион кыргызга сан жетпеген баатыр сөрөйлөрдүн эмне кереги бар?" - деп билдирди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости