www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин сайтын мыйзамсыз бузууга аракет жасоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашат.
Жогорудагы факты 304-берене (Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк) жана 305-берене (Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
"Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 1974-жылы туулган К.Б.Т. аттуу Кыргыз жараны экендиги аныкталды. Анын техникалык аппараттарында көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер табылды.
Жогорудагы беренелерге ылайык, эсептик көрсөткүчтөрдүн 1800дөн 3000ге (180 миң сомдон 300 миң сомго чейин) чейинки өлчөмүндө айып пул же болбосо 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg