www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Шамурза Бөрүкуловду айрым жагдайлар боюнча кепке тарттык.
--Курманбек Салиевичтин президент болуп турган учурдагы кемчилиги эмнеде?
--Колтугунда жүргөн арамза, эл бузарлар: Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Сариев, Бекназаровдордун ким экенин баалабаганында. Курманбек Салиевич бийликке келгенге чейин эле, булардын ар бирөөнүн, тагыраагы Акаевдин убагында эле кылмыштары бар болчу. Ошол кылмыштары үчүн мыйзам жолунда каматып салыш керек эле. Буларды башына чыгарып алган. Курманбек Салиевич өзү айткандай, мындай куралдуу төңкөрүш болорун билбегенинде. Өзү өлкөнүн түйшүгүнө баш - оту менен кирип кетип, айлана чөйрөсүндө эмне болуп жатканына көңүл бөлбөй койгонунда.
--Ак үйгө курал менен бастырып баргандарга карата курал колдонуу бул мыйзам чегиндеги көрүнүшпү?
--Албетте, бул мыйзам чегиндеги көрүнүш. "Элди аттырбайм" деп курал колдонтпой коюп, туура эмес кылды. Ал колдонбосо башкалар ага карата, Ак үйгө карата, бүткүл кыргыз элине карата курал колдонушту. Кырып салса деле мыйзам жолунда ак болмок. Каримов Андижанда тополоңчуларды жер менен жексен кылып салган. Бакиев аттырган жок, а бирок Убактылуу Өкмөт аттырды, баары бир деле аны атты дегизип, канкорго чыгарышты.
--Курманбек Салиевич менен Алмазбек Атамбаевдин айырмачалыгы эмнеде?
--Курманбек Бакиев элге үйлөрдү, бала бакчаларды, мектептерди курду. Ал эми Атамбаев жалаң күч түзүмдөрүнө үйлөрдү куруп, керегинче берди, себеби өзүн ошолор коргойт эле. Бакиевди күч түзүмдөрү коргой алышкан жок. Ал өзүн ойлогон жок, экөөнүн айырмачылыгы ушунда.
-Курманбек Бакиевдин учурунда элдин нааразычылыгы эмнеден келип чыкты?
--Ал ГЭС курбай, “Датка Кеминди” баштабай эле тынч иштей берсе болмок. Себеби ошол иштерди бүтүргөнгө карыз албайын, жарык өчсө да, өз күчүбүз менен бүтүрүп алалы деп келечекти ойлогонун трайбалист акмактар түшүнүшпөй жатат. Иш кылынбаса койсун эле, жарыкты өчүрбөй эле койсо болмок, себеби аягында анын мээнетин Атамбаев менчиктеп, "мен кылдым" деп алды.
Акаевдин убагында Кумтөрдөн үлүшүбүз 16% эле. Бакиев 33% га көбөйтүп койду. Көбөйтүп эмне кылат эле, ошол өзү коштурган 17% ды өзү жей берсе болмок. Себеби ал канчалык үнөмдөсө да мойнубуздагы карызды азайткан эмгегин трайбалист айбандар баалашпады. Баары бир "Бакиев жегич" дешип , аңгырашып жүрүшөт. Бакиевден кийин Атамбаев 25%га түшүрүп койду эле, "Атамбаев сонун иштеди" дешип хан сарайга барышып коргоп жатышты.
--Курманбек Салиевич өлкөдөн чыгып кетип туура кылдыбы?
--Түштүккө барганда кийин өлкөдөн чыгып кетпеши керек эле, себеби Бакиевдин тарапташтары миллиондоп саналат элек. Аны коргоп алганга күчүбүз жетет эле. Бакиевдин күнөөсү элдин канынын төгүлүшүнө себеп болуп калбайын деп чыгып кеткенинде. Ал кеткенден кийин Убактылуу Өкмөт согуш баштап, миңдеген адамдар өлдү, он миңдегендер жаракат алып, майып болушту, жүз миңдеген кыргыз элинин үй - жайы, ишканалары күйүп, күл болду. Ошонун баарын кылган, уюштурган Атамбаев менен Отунбаева ардактуу адамдар атка конушуп, экс макамын алышты. А түгүл Атамбаев баатыр да болгонго жетишти.
Жакшы адамды кыргыздар эч качан сыйлабасын билебиз. Бизде жакшы адамды тирүүндө боктоп, көзү өткөндөн кийин мактайбыз. Дал ушул нерсени Курманбек Бакиев көңүлгө алган жок. Ал деле жаман болуп өзү үчүн иштеп, уурдашы керек эле. Эл үчүн иштейин, Кыргызстанды алдыңкы өлкө кылайын деп бардык нерсеге көз жумуп, күнү-түнү эмгектенгени ага зыян алып келди. Көзү агып түшкүрлөр баалабады. Анын эң башкы, кечирилгис күнөөсү - түштүктө туулуп калганында, түштүктүн кулуну болгону деп эсептейм. Жашырганда эмне, эгер ал түндүктүн кулуну болгонунда, азыр деле иштеп жүрмөк.
Булак: NazarNews.kg