www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-июнда Бишкектин Манас-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Керемет Банктын” сактык кассасы тонолду. Бул тууралуу жергиликтүү булактар ички иштер органдарындагы өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.

Такталбаган маалыматтар боюнча, окуя түшкө жуук болуп, банктын филиалына азиат түспөлүндөгү эки белгисиз жарандар кирип, тоношкон. Алар тапанча колдонушуп, кассирлерди коркутуу менен айрым кабарлар боюнча 2 млн.сомго (9600 АКШ доллары) чукул акчаны, ал эми башка маалыматтарга караганда 700 миң сомду карактап кетишкен.

Аталган маалыматтын чын-бышыгын билүү үчүн NazarNews маалымат агенттиги ИИМдин басма сөз кызматына байланышканыбызда азыркы учурда бул маалымат боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости