www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум, кыргыздын чыгаан уулу, 42 жашында ууланып каза тапкан Сатыбалды Жээнбековдун бейнесине арналган саясатчы Адахан Мадумаровдун бир нече жыл мурун жазылган макаласын NazarNews маалымат агенттиги окурмандарыбызга жарыялайбыз.

“Адатта депутаттар залда ары-бери айтышып, мыйзамдын долбоорун талкуулап, жакшы-жаман көрүнүшөт. Баарынын ойлору эл турмушун жакшыртуу, бирок, ага жетүүнүн ыкмаларын ар ким ар кандай түшүнөт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, жакшы парламенттерде иш ушундай эле жүрөт. Жумуш бүтүп, сыртка тамеки тартканы же тамак ичкени чыгып калганда, залдан айтылган сөздөр, таарынычтар унутулуп, адам деген касиетти туу тутуп сүйлөшүп калар элек. Аныбызга өзүбүз да сүйүнүп жүрөбүз. Ушундай күндөрдүн бири айрыкча эсте калыптыр. Биздин палатанын эки депутатынын туулган күндөрү бир күнгө туш келип, өзүбүздүн ашканада чай ичип олтуруп калдык. Жакшы ой-тилектер айтылып, бир убакта Сатыкем ордунан туруп, тамагын түздөп, «мен сүйлөбөй ырдап берейин» деп жанга жагымдуу коңур үнүн созуп кирди. Ошондо мүмкүн баарыбызга, Сатыкемди тааныган инсандарга кайрылган сөздөрү экенин кайдан билиптирбиз.

"Муңканып муунум бошоп турган кезде,
Күн болуп, кабакты ачып койбойсуңбу?
Билбедим, же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени кейибейт деп ойлойсуңбу?"

Эх Сатыке, ким сени ооруйт деп ойлойт эле. А деп оозуңду ачсаң жүрөгүң көрүнгөн, бир карашың жылмаюу тартуулаган маанайыңды көрүп туруп сени ким ооруйт деп ойлосун? Сенин дүйнөдөн куштай эрте учуп кеткениң баарыбызга кыйын болду. «Өзгөнгө мен да барам, Докем ооруканада жатат экен. Турсунбай экөөң барып тургула. Артыңардан учуп жетем» — деп коюп башка жакка учуп кетиптирсиң го, Сатыке?! 

Биз, Турсунбай Бакир уулу экөөбүз барган жерде элге «Сатыке келет, бир аз кечигип жатат, Докем ооруканада, экөө тең чоң салам айтышты» деп элди да сооротуп жүрбөдүк беле. Сенин бир эле Сузактын эмес Өзгөн, Кара-Суунун да депутаты экениңди элден укканда Турсунбай экөөбүз канчалык кубанганыбызды жазып да, айтып да жеткирүү кыйын.

Азыр залда сен олтурган столдо роза гүлдөрү, гүл үстүндө аты-жөнүң жазылган кагаз турат. Аны көрүп бир нерсе эске түштү. Депутаттардын столунда аты-жөнү жазылган кагаз дайыма турат. Бирок, төраганы караган жагына да жазып коюптур. “Эмне үчүн?” - деп сурагам. Күлүп жиберип «мени Жээнбеков экениңди унутпай олтур деп жазып койгону го» деген элең. Азыр ошол стол бош. Мурда бош болуп турса, танапис учурунда кабинетиңизге чыгып барсам «шайлоочуларым келип калыптыр, бүгүнкү поезд менен кетишет экен... Узатып жиберип кирем уруксат берсеңиз» деп колду жүрөккө алып башты ийип туруп каткырып жиберет элең. Ошол №314 кабинетте эки-үч сааттан сүйлөшөр элек. 

Түштөн кийин телефон чалып «Адахан, бир чайнек ысык чай даярдап койдум, эки пирожки менен ичип албайлыбы» - деп чакыра берер элең. Чай ичип олтуруп канчалык оор маселелер сүйлөшүлсө да тамаша менен жеңилдетер элең. «Сен жашсың, тумшукка жей элексиң, өрттөй болуп күйө бербе, аныңды эч ким билбейт.  Мына мен канча токмок жедим, канча нервди бердим, бир нерсе өзгөрдүбү, же мени түшүнгөн бирөө чыктыбы? Жок. Турмуштун өзүнүн мыйзамы бар. Сен менен менин күйгөнүмдөн заман өзгөрүп кетпейт. Бийлик деген бийлик. Бирок, чындап адилеттик, ыйман үчүн күрөштөн качпашыбыз керек» — деп терең үшкүрүп алып, тамекиңди буркуратып баштар элең. 

Бала кезде тарткан кыйынчылыктарды юмор менен айтып канча күлдүрдүң. Ошолордон бирөөнү окурмандарга сунуш кылайын.

Сатыке бала кезинде атасы совхоздун уйларын бакчу экен. Торпокторду сен кара деп Сатыкем торпок багып, кечинде үйгө келсе айылга кино келип калыптыр. Киного кирүүгө жыйырма тыйын жок дейт. Анан тооктор кайсы жерге тууп жатты экен деп, тооктордун баскан-турганын аңдыйт. Эптеп эки жумуртка таап алсам кассирге берип киного кирмекмин дейт. Эки жумуртканы чөптөрдүн арасынан таап алып, апасынан бекитип киного келет. Киного келери келем дейт. Бирок, кечке торпоктордун аркасынан чуркап жүрүп, чарчап калам да, кино башталар менен уйкуга кетем. Кино бүткөндө досторум ойготуп кетет эле деп күлгөн. Айылдык турмушка бала кезинен бышкан Сатыкемдин кулк-мүнөзү депутаттык кызматында да байкалар эле. Эгер сөз дыйкандар, жумушчулар жөнүндө болуп калса баш-оту менен алардын кызыкчылыгын коргоо, турмушун жеңилдетүү багытына буруп турчу. Бала кезинен торпок баккан бала өжөр, айтканынан кайтпаган, тилге кирбеген, колхоздун буудайына, бедесине көз арткан торпоктор сүйрөп качса да, денеси канталап сыйрылса да, колунан жипти коё бербей акыры торпокту токтотуп калат. Турмушта да Сатыкемди канча жолу сүйрөп көрүштү. Бирок, Сатыке турмушта кармаган принцибин эч кимге берген жок. Мына ушул сапаты үчүн да көп сокку жеди. Адам туулганда баары тең укуктуу, бирдей шартта дүйнөгө келет. Жашоо мыйзамдарын, дүйнөгө болгон көз карашын, дүйнө таануу сезимдерин интеллект ой-жүгүртүү, билим өстүрүү менен өздөштүрөт. Сатыкем бул жагынан да жарды эмес эле. Дүйнөлүк классикалардын кайсы багыты болбосун тушүнүү тереңдиги менен айырмаланып турчу. Болбосо кадимки кыргыздын айылында туулуп, өзү айтмакчы пахтазардын окарыгында өсүп, орус, немстен кем билбей өздөштүргөн эмеспи. Сатыкемдин коңур үнү өзбек телекөрсөтүүсү дикторлук Ташкентке чакырганы да кыргыз жигити үчүн феномен эмеспи? 

Тилекке каршы, өз жеринде калемпирдей ачуу сөздөрдү, жалпыга таандык болгон көз караштан айырмаланган ой-пикири үчүн бааланбай келди. Колдо бар алтындын баркы жок дейт. Жок дегенде акыркы сапарга узатаарда эски аэропортто күнгө кактап бир столдун үстүнө коюп койбой боз үй тигип соңку сыйын көрсөтсө да жарашмак. Он жыл өмүрүн берген телестудиянын залында узатса да болмок. Өзүң туулуп өскөн Тайгараев айылында жер бетине батпаган элди теледен көрсөтүүнү, аксакалыбыз Дооронбек Садырбаевдин сөзүн уктурууну да ыраа көрүшпөдү. Кесиптеши Байма Сутенованын көз жашын төгүп, боор эзгенин көрсөтүүнү да ашык көрүштү. 

Пастыктын чеги жок тура. Айылдаш өскөн жетекчи сөрөйүң тирүүңдө эмес каза болгондо алдыңа барып коюдан коркту. Гезит аркылуу болсо да көңүл айтып койгондон коркту. Ага сен таарынба, Сатыке. Адатыңча «мен аларды аяйм, түшүнөм» деп жылмайып кой. «Таш менен урганды, аш менен ур»  деп айтчу элең го.

Сатыке, сен кыйналып жатканда жаныңда боло албаганыбыз үчүн Докеңди, Тукеңди (Бакир уулу), Өмүкеңди (Суваналиев) жана мени кечир.

Жана айттым го, "артыңардан учуп барам деп коюп, башка жакка учуп кетипсиң" деп. Эгер андай болорун билсек Тукем экөөбүз көтөрүп болсо да учака салып алып кетмекпиз. Сен ыр жазар элең. Ыр жүрөктөн кайнап чыгат. Мен жүрөгүмдөн чыккан ырды сенин жүрөгүңө багыттайм. Кабыл ал, Сатыке.

Көздөрдө толгон жашты агыза албайм, 
Жүрөктө жаткан муңду жашыра албайм. 
Жараткан жаш башыма берген жүгүн,
Бирөөнүн желкесине ашырып албайм. 

Оорусам онтобоймун, кайгырбаймын, 
Үшүсөм жылуулукту самабаймын. 
Бирок да, көрүнгөнгө жансоога деп, 
Тизелеп көз жаш төгүп жалынбаймын.

Сен да тизелеген жоксуң, тике турган бойдон кете бердиң. Кош, Сатыке! Жаткан жериң жайлуу болсун!”, - деп бир нече жыл мурун жазган саясатчы Адахан Мадумаров (макала архивден алынды).
 
Кыргыздын кыйырына таанымал, өмүрү өрнөк инсаныбыз Сатыбалды Жээнбеков быйыл көзү тирүү болгондо 68 жашка чыкмак. Тилекке каршы, чыгаан уулубуз 42 жашында ууланып каза тапкан.

Эске сала кетсек, Сатыбалды Жээнбеков Амиржанович 1952-жылы 13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылында туулган.

1975-жылы Россиянын Мичурин шаарындагы педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1975-жылы Сузак районундагы А.С.Пушкин атындагы орто мектепте мугалимдик кесиптен баштаган. 1976-жылдан 1980-жылга чейин ушул мектептин директору болуп кызмат өтөгөн. Андан кийин Сузак районундагы №36-айылдык кесиптик-техникалык окуу жайынын профсоюз уюмунун төрагасы кызматына шайланган.

1982-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин практикант-диктору болуп ишке орношуп, 1988-жылы жогорку баскычтагы дикторлукка чейин жеткен. Ушул мезгилдерде С.Жээнбековдун чыныгы дикторлук чеберчилиги ачылып, кыскача маалыматтарды окугандан тышкары көркөм чыгармаларды, фильмдердин текстин таасирдүү окуган адис дикторго айланды.

Ал эми 1989-жылы мамлекеттик телерадиоберүүлөр боюнча комитеттин профсоюз уюмун жетектеп, кызматкерлердин укугун коргоо жана аларга шарт түзүп берүү жагынан бир катар алгылыктуу иштерди аткарган. Дайыма айткан убадасына турган, калыс, чечкиндүү жетекчи катары жамааттын эсинде калды. Мындай сапаты жана иштермандыгы Сатыбалды Жээнбековду 1991-жылдын февралынан тартып Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын төрагалык кызматына дайындалышына чейин алып келди.

Бул мезгил Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүктү жаңыдан алган мезгил эле. Бардыгы жаңыдан түзүлүп жаткан. Ушундай шартта Сатыбалды Жээнбеков салмактуу кадамдарды жасап, телерадионун дагы өзгөрүшүнө алып келе турган иштерди баштаган. Компаниянын ишин жакшыртып, элге жакындатуу максатында реформа жүргүзүүнү максат кылып, аны кызматкерлер арасында аттестациялоо ишин баштаган.

Сатыбалды Жээнбеков телерадио кызматкерлеринин арасында чынчыл, ак ниет, адилет жана иштерман кызматкер катары таанылып, ушул күнгө чейин урматтоону жаратып келет.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости