www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы кыргыз элин кошпой, элдин атынан дебей, «Чоң Казатчылар нараазыбыз» деп, туура сөз айтып чыга берсеңер болбойбу? Чындыгын айтканда Чоң Казат кыймылынын, андан барып Чоң Казат партиясынын жаралуусуна элде көп эле күмөндүү тескери ойлор жаралып жатат. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Чоң Казат» деп өзүңөрүн атап алган бир кучка бузукулар! силерге ким укук берди, жалпы кыргыз элинин атынан сүйлөгөнгө? Эмне, Кыргызстанды түп кыдырып, ар бир кыргыздын пикирин, оюн билип чыктыңарбы, «кыргыз эли» деп сүйлөгүдөй. Бир карасаң, Атамбаевге боштондук дешип күндө аянтты бошотпогон жугундукорлор кыйкырышат: «элдин атынан» дешип.

Анан эле: «Новиковдун премьер болушун эл каалап жатат» дешип, элди бетине тутуп алышып чыгышат, бетин чала жууган, биттеген катындардын тобу.

Өздөрүнүн өңүн күзгүдөн бир карап алышпастан, батыштын жашоосуна умтулган шерменделер да кыргыз элинин атынан чыгып жатабыз дешет.

Жалпы кыргыз элин кошпой, элдин атынан дебей, «Чоң Казатчылар нараазыбыз» деп, туура сөз айтып чыга берсеңер болбойбу? Чындыгын айтканда Чоң Казат кыймылынын, андан барып Чоң Казат партиясынын жаралуусуна элде көп эле күмөндүү тескери ойлор жаралып жатат. Эң оболу партияңардын тизмесин, мүчөлөрдүн аты-жөнүн, кайсыл региондон экенин жазып элге чыгаргыла, себеби Чоң Казаттын тизмеси регионалдык тең салмакты сактаган эмес, так айтканда жалаң эле Көлдүн кыйындары топтолуп алган деген сөз жүрүп жатат. Эгер эле ошондой боло турган болсо, анда силерди партия деп атоого болбойт, тескерисинче трайбалистер тобу деп койсок да жаңылышпасак керек? Жаш, келечеги алдыда турган премьерибиз Улукбек Мариповго эч бир себепсиз асылып жатканыңар да, дал ошол силердин трайбалистик ич күйдүлүгүңөр болуп жүрбөсүн? Төмөндө видеодо ар бириңдин сүйлөгөн сөзүңөрдү угуп олтуруп: эң оболу ушул турган баарыңар кызматтын кулу экениңерди, Садыр Жапаровдон кызмат талап кылып жатканыңарды сездим. «Сени биз колдогонбуз, бирок ишеничибизден чыгып кетип жатасың» деп президентти жарга такаганыңар бул чистой воды шантаж болуп эсептелет.

Биринчиден: Садыр Жапаровду кыргыз элинин 80% колдоду. Алты миллиондун 80% бул 4 миллион 800миң адам, «почти что» 5 миллион болот экен. Эмне, ошол беш миллион эл, арманыбызды президентке жеткирип бергиле деп, Чоң Казатты делегат кылып шайладыкпы? Же болбосо Чоң Казаттын карьеристери бийлик кызматына тегиз олтурушуп, кыргыз элин башкарсын деп 5-октябрда чыктык беле?

Экинчиден: «Мариповдук клан» деп тантыраш үчүн, силерде мына деп көрсөтө ала турган факт барбы? «Марипов мурдагылар менен иштешкен» дейсиңер. Эмне, Акаев, Бакиев, Атамбаев менен иштешкендерди өлтүрүп салыш керекпи. Ошолордун баары жаман деген статистиканы кайсыл чоң энеңердин кийиз китебинен таап чыктыңар?

Марипов жаш, сабаттуу, келечеги бар кадр экенине эл ишенип калышты. Керек болсо, ушул сүйлөп жаткан баарыңар топтолуп, Мариповдун тырмагына арзыбайсыңар, эгер грубый айта турган болсом. Себеби Марипов силерчилеп: «мына мен иштеп берем» деп көкүрөгүн каккан жок. Садыр Жапаровдо деле көз, кадр тандай билген касиет бар. Садыр Жапаров президент болуп ант бергенде, ушул турган амбициясы башынан ашкан бир топ Чоң Казатчыларга бериптирби? Жалпы кыргыз элине берген. Силер Мариповду каалабасаңар, анын өкмөт болушун каалаган миллиондогон элдер бар. Алардын каалосун кайсыл жагыңарга алып барып тыгасыңар?

Үчүнчүдөн: силер Садыр Жапаровду чындап колдогон болсоңор, сыйласаңар, анда анын ишине тумшугуңарды тыкпашыңар керек эле. Эгер эле Садыр Жапаров көчөгө чыккан ар кимдин сөзүн угуп иш тута турган болсо, анда аны ким айтат лидер деп? Ким ишенет бир мамлекетти, алты миллион элди башкарып кетет деп? Ушул жөнүндө ойлондуңарбы силер?

Төртүнчүдөн: Чоң Казатыңардан эки кыйыныңар олтурушат кызматта, бирок биздин оюбуз боюнча, экөө тең татыксыз, ишти тартып кете албай жатышат. Алар да силерчилеп: «мен кыйратам» «мен жайлайм» дешип көкүрөгүн ургулап чыккандар эле. А биз: «Мамыткановду жок кыл, Жапыкеевди абакка тык» деп көчөгө чыкпай сабыр кылып олтурабыз го. Президент ар бир кызматкерди иштетип көрүп, сындап, акыры өзү кандайдыр бир чечимге келет да. Ал үчүн убакыт керек.

Бешинчиден: оң, сол кулагыңар менен угуп койгула: Эгер эле Мариповду жумуштан ала турган болсо, анда биз чыгабыз. Себеби биз Атамбаевчи жугундукорлор, Чоң Казаттын трайбалистери кутурсун деп революция кылган эмеспиз. Биз, Садыр Жапаров президент болот, өлкө башкарат, баарын өзү чечет, Кыргызтанды өнүктүрөт деп чыкканбыз. Так что Кыргызстандын үстүндөгү асманды силер тиреп турсаңар да: оозуңарды жаап, үйүңөрдө барып тынч олтургула, элдин кыжырын кайнатпай», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости