www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сыртта качып жүргөн взяточник Али бүгүнкү күндө, уккан адамдын эсин оодарган жаңы жомогун ойлоп чыгыптыр. Матраимов Райымбек тууралуу иликтөөсүн баштаганда, то есть мындан эки жыл мурда, Матраимов Алиге эң оболу 500миң $ акча сунуш кылган имиш. Али макул болбой койсо, Райымбек экинчи жолу миллион доллар пара берем дептир. Бирок, Али миллион долларга да макул болбой, иликтөөсүн уланта берээрин айтыптыр. Эми ушул адамдын күлкүсүн келтирген ыплас жалганга ким ишенет?”- дейт жарандык активист Шамурза Бөрүкулов. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасында жазып чыкты.

Бөрүкуловдун айтымында, Али Токтакунов миллион доллар эмес, 500миң долларга деле курсант болуп, шапкесин асманга ыргытып Матраимовдун сунушуна макул болмок. Себеби, чырдуу “ортомчу” Саимаитиден 100миң доллар алып заказ аткарган Али Токтакунов, 500миң доллардан эч качан баш тартмак эмес.

Жалданма макалаларды жазат деп Токтакуновду айыптаган Бөрүкулов, мурдакы президент Атамбаев деле заказы үчүн Токтакуновго миллион доллар бермек эмес. Анткени, “Атамбаев бир тыйын үчүн өзүн аскадан таштап жибергенден кайтпаган адам экенин любой ит билет” имиш.

“Матраимовдор темасы буткөн. Баарына Райымбек 2миллиардды төлөп берип өзү чекит койду. Андай болсо, эмне үчүн Али канчыктын жаагы басылбайт?! Мага ошол түшүнүксүз табышмак. Өлгүсү келип калган эмеспи, бул саткындын?”- дейт активист Шамурза Бөрүкулов.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости