www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сабатсыз чимкириктерден түзүлгөн комиссия ЖЭБдеги афёраны текшерип барышып, жыйынтыгында 111 миллион $ зыян болгон деп табышты. Мындай пикирин активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«ЖЭБдеги уурдалган акчага 484 жаңы мектеп тургузулмак экен. Андай экенин төмөндө болжол менен эсептеп чыктым:

Максим Бакиев ЖЭБдин модернизация иштерин толук бүтүрүү үчүн, Кытай өлкөсү менен 150 миллион америка долларына келишим түзгөнүн ар бир кыргыз билет.

Ал эми: «Бакиев өлкөдө үй-бүлөлүк клан түздү» дешип, Бакиевди баардык кесепеттерге күнөөлөгөн Атамбаев сары мышык «баласы» Сапар экөө дал ошол эле ЖЭБдин келишимин 2,5 эсеге, так айтканда 386 миллион $га көтөрүп салган.

Сабатсыз чимкириктерден түзүлгөн комиссия ЖЭБдеги афераны текшерип барышып, жыйынтыгында 111миллион $ зыян болгон деп табышты.

Менимче, ушул жерде да адамдарды күмөн жараткан чоң коррупция сасып жатат, эгер эле жакшылап башынан текшерсе. Максим Бакиевдин эсеби боюнча ЖЭБдин ремонт иштери 150 млн $га бүтө турган болсо, анда келтирилген зыян 236 млн долларды түзүш керек эле: 386-150= 236 млн$. Бир кычкач 600$ болуп жатканынын өзү эле, дал ушул мен айтканды далилдеп турат.

Армения 250 млн долларга жаңы ЖЭБ тургузганын айта турган болсок, анда ашыкча сөздүн деле кереги жок.

Болгону цифра менен көрсөтүп койсок жетиштүү болот. Кара Сууда жаңы мектеп 39миллион сомго бүтүптүр.

Эсептеп көргөндө: 236 млн$га 484 мектеп бүтмөк экен. Ошондо Атамбаев өзүнүн аппетити тоодой жуткучтары менен, нөлдөн тургузулуп бүтө турган 484 жаңы мектепти жалмап жутуп коюптур.

Ал эми өлкөдөгү баардык коррупционер шакалдардын жегендерин, уурулуктарын элестетип да көрө албадым. Анан кайдан жүрүп Кыргызстан оңолот, элибиз жакшы жашоого жетет?

Коррупционерлердин бар мүлкүн конфискациялоо мыйзамы иштемейинче, коррупционерлерден арыла албайбыз. Бул мыйзамды соттор да колдоно албай жатышат, себеби эртең эле өз баштарына барып калышы мүмкүн да?», - деп белгилеген Бөрүкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости