www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоорун башкаларга алдырып жиберсек, анда бизде «экономикалык керемет» жасоого экинчи мындай мүмкүнчүлүк болбойт. Мындай пикирин жарандык активист Улукбек Маматаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки президенттерди чоң державалар мигранттар, күйүүчү май, экономикалык кысымдар, керек болсо, бийликти алмаштырып коюу коркунучу менен кармап келишти. Учурдагы президент тобокелге салып, ишти башташы керек.

«Ар бир мамлекетте президент чечкиндүү кадамдарга барганда өзүнүн тобокелчиликтери болот. Азыркы убакта президентке элдин эбегейсиз колдоосу керек. Мигранттар да биздин эл, алар да кыргыз жарандары. Аларды башка мамлекеттер кысымга алып, бизге каршы курал катары колдоно турган болсо, алар сөзсүз биздин мамлекетти колдошу керек, туруп бериши керек. Кайсы бир убакка чейин бизде кыйынчылык болушу мүмкүн. Бирок темир жолду куруп алсак, ошол мигранттарга да жумуш өзүбүздөн табылат. Башка улуттун алдына барып, аларга басынуунун кереги жок болот. Биз ошону элге туура жеткиришибиз керек. Балким 3 жыл, балким 5 жыл кыйналабыз, бирок ушул долбоорго тике туруп беришибиз керек. Президент, өкмөт, башка мамлекеттер элдин маанайын карайт. Эл патриоттук маанайда болсо, эч ким бизге тоскоолдук кыла албайт. Анда далай чоң долбоорлор ишке ашат», - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости