www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик жүз чакты эл бузарга жагынамын дешип, жүз миңдеген ишкерлердин бизнесине тоскоол болушту. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

“Кыргыз эли качан жүрүп мындай, пайда эмне экенин билбей зыянга иштеген, отко айдаса бокко качкан эл болуп калдык?

Эмне үчүн өнүкпөй жатканыбыздын себебин билип туруп, кайра эле эч жакка бурулбай ошол жол менен кетип жатабыз. Малды чоң суудан айдап өтсөң, мал деле мурда өткөн терең жеринен өтпөй, башка тайыз жерин тандап өтөт.

Малча да болбой калганбызбы? Райымбек Матраимов элдин ырыскысына кол салбаган, бюджетти уурдабаган, тескерисинче колунан келишинче элине жардам берип келген азамат экенин билебиз.

Таможнядагы схеманы, ал жерде болуп жаткан адатка айланып калган иштерди Райымбек ойлоп таппаганын, дайым ошондой болуп келгенин жана мындан ары деле ошол бойдон каларын деле билебиз. Анда эмне үчүн өз ырысыбызга өзүбүз чычып жатабыз?

Бийлик жүз чакты эл бузарга жагынамын дешип, жүз миңдеген ишкерлердин бизнесине тоскоол болушту. Өлкөдөгү кымбатчылыкты өздөрү тилеп алышты. Ортодо карапайым элге эле кыйын болду.

Ошончо болду, бир жолу эле ошол көчөгө чыккан батышчыл митингчилерге ордуңарды бошотуп, бийлигиңерди берип койгула. Райымбекти камаганыңарды бир жакшы көрүштү эле силерди биротоло эки жолу жакшы көрүп калышсын.

“Оозуңду ачып сүйлөөрдөн мурда, иш кылардан мурда, кадамыңды таштаардан мурда ойлонуп ал” деген аталардын жакшы насыятын мээңерге сактап, эстеп, колдонуп жүргүлөчү бай болгурлар! Дагы деле кеч эмес, кетирген катаңарды оңдоп алууга”, - деп билдирген ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости