www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Кудай буюруп президент болуп калса, Кумтөрдү улутташтыра албаса да, Кумтөрдөгү кыргыз элинин үлүшүн жогорулатат. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

“Элге кайрылуу жасаганда, адам деген эң оболу аты-жөнүн айтып коюп, анан кайрылат. Аты жөнүңдү билбегенден кийин сени"акмак" деп атап, жооп бергенге туура келди. Бир мен эмес, сенин сүйлөгөн сөздөрүңдү уккан баардык адамдар "акмак" деп түкүрүп басып кетиши турган сөз.

Сөз оозуңдан чыгып кете электе, сөз сенин кулуң, ал эми оозуңдан чыгып кеткен сөздүн кулу сен акмак болуп каласың. Зек дейсиң, эмне зектер адам эмес бекен?

Ушинтип жүрүп бир күн, төшү түктүү бир зектин колуна түшүп калып жүрбө. Кыргыздын канында тээ атам замандан бери эле демократия бар. Бирок, ошолор да ойлонуп сүйлөшкөн. Ойлонбой сүйлөгөн сен сыяктуу кем акылдардын тилин кесип итке таштаган жазылбаган мыйзамдар болгон. Эми эле демократия деп, шымыңарды чечип башыңарга кийип алдыңар.

"Садыр Жапаровдун акталды деген кагазын көрмөйүмчө мен үчүн ал зек" дейсиң. Айтчы, сен өзүң кимсиң? Сага эмне үчүн ал документти көрсөтүш керек? Орусча айтканда: какое твое собачье дело сволочь (акмак деп кайрылам деп башында эскерткем. Акмактын орусчасы сволочь экенин Москвада жүрсөң билет болушуң керек).

Өлкөдөн сыртта, Москвада жүрсөң эле оозуңа келгенди оттой бересиңби? Ошол сен айткан "зекти" миллиондогон эл колдоп жатканы сага баары бир да. Өткөндө Орозоайым деген мартышка: "Садыр Жапаровду зектер колдойт" деп миллиондогон элди зек кылып тантыраган болчу. Аны аял киши экен деп унчукпай эле койдук эле. Сен да анын катарына кошулдуң, акмак! Башыңа жоолук салып, шымыңы чечип юбка кийип ал.

Садыр Жапаров сөзүндө турбады дейсиң. Садыр Жапаров келгенине эки ай болду, али президент боло элек, ишин баштай элек. Андан көрө, сен көчүгүнө пахта коюп жаткан Мадумаровуң эки сүйлөбөйбү, ошол жөнүндө айтпайсыңбы? Же Адахандын көчүгүндөгү памперсин алмаштырып жүрүп, андай кемчилдигин сезбей калдыңбы? Анда мен эсиңе салып коеюн:

"Мен макул эмесмин"кыймылын түзүп, Атамбаевдин жүргүзгөн саясатына, кылган иштерине каршы чыккан Мадумаров, 2017-жылы президенттик шайлоодон өтпөй калган күндөн баштап: "эгер Жээнбековго каршы бирге чыга турган болсок, мен Атамбаев менен кызматташканга даярмын" деген. Муну Атамбаев экөөбүз бир адамбыз дегендей, Атамбаевдин кылмыштарына карабай, шайтан менен достошкондой эле кабыл алса болот.

"Мен макул эмесмин" кыймылына кошулуп, Адахан деп уралап артынан ээрчиген бизди бир тыйынга албай, ууру, коррупционер, узурпатор, ушакчы, жалаачы, алкаш “наконец-то убийцага” алмаштырып салганы, сен үчүн анын сөзүндө турганы экен да?

2017 жылкы президенттик шайлоодо, кечээки парламенттик шайлоонун алдында: "мен Садыр Жапаровду чыгарам" деп элге сөз берген Мадумаров, 5-октябрь күнү Атамбаевчилер тарапка кошулуп, Сапар Исаковдун катарына туруп калганын сен сөзүндө турат деп түшүнөсүңбү?

Садыр Жапаров Кудай буюруп президент болуп калса, Кумтөрдү улутташтыра албаса да, Кумтөрдөгү кыргыз элинин үлүшүн жогорулатат. Экология үчүн Канадалыктар төкпөй жүргөн налогдорду төктүрөт. Мурдагы президенттер окшоп Канадалыктар менен жең ичинен соода кылбайт. Мындай экенине биз, Садыр Жапаровдун колдоочулары толук ишенебиз.

Ал эми Раим Матраимовго келсек, сен келесоо Матраимов Раимдин жанында ноль, пустой место экениңди билесиңби? Матраимовдор 20 жылдан бери өз элине жардам колун сунуп келет. Матраимовдор Кара-Суу районунун он төрт айылына он төрт спорт комплекс куруп берген жигиттер. Матраимовдор боору эзилип кеткен балага жардам берип Индияга жөнөтүп, өмүрүн сактап калган азаматтар. Матраимовдор төрт айлык коронавирус учурунда өкмөт Абылгазиев кыла албаган иштерди жасап, элдин рахматына, батасына ээ болгон патриоттор. Сен Матраимов Раимдин богун жебейсиңби. Өмүрүңдө бир жолу, бир адамга жардам бергенсиңби?

Матраимов Раим дээрлик 700 млн сом төлөдү. Болду башка төлөбөйт. Биз аны капа кылдырып карап турбайбыз. Матраимовду камаса, түштүк эли көтөрүлүп чыгабыз, ушуну бир билип ал.

Сен акмак Ташиевдин забордон ашканын айтып, айылдагы ушакчы катындардан да өтүп кетипсиң. Ал жомок давно айтылып бүткөн. Ташиевдин жанында сен бир сойлоп жүргөн насекомый, же шимшилеп тарп издеп жүргөн шакалсың. Ташиевди бүткүл түштүк эли баалап, ЭЛ БААТЫРЫ" деп атаган. Сенин Мадумаровуңду Садыр менен Камчыны колдогондой эл колдойт бекен? Баягы биз колдоп жүргөн 2017 -жылы жүз миң добуш алган. Азыр ошонун тең жарымы жок. Аны өткөндө парламенттик шайлоодо көрдук го.

Акырында айтарым, көрүнүшүңдөн, сүйлөгөнүңдөн сабатың анча эмес эле бир дөөпарас экениң байкалып турат. Азыр интернет деген балакет чыккандан бери, сага окшогон акылы анча жетик эмес ары жоктор, өзүңөрдү күзгүгө салып, ар немени тантырап, элдин итиркейин келтирген жаман адат таап алдыңар.

Силерде жок дегенде тарбия көргөн адамдарда болчу элементарный маданияттын бир күкүмү да жок. Баламдай неме экенсиң, сага айтар кеңешим: өчүп жок болчу, башка чыкпай эле кой элдин кыжырына тийип, суранам”, - дейт Бөрүкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости