www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун кеңейиши менен уюмдун жоопкерчилиги астындагы аймак калкынын 3 миллиардга жеткендигин, ушундайча уюмдун Шанхай сегиздиги катары өнүгүшүнүн жаңы баскычына өткөндүгүн айтты. Саммиттин жыйынтыгы президент Назарбаевдин жетекчилигинде Көз карандысыздык сарайында өткөрүлгөн саммитке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Орусиянын президенти В. Путин, Кытайдын мамлекет башчысы Си Циньпин жана Пакистандын премьер – министри Наваз Шериф жана Индиянын мамлекет башчысы Нарендра Моди катышты.

Белорустун президенти Александр Лукашенко, Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жеват Зариф, Афганстандын президенти Эшреф Гани, Монголиянын президенти Цахиагиин Елбегдорж байкоочулук кылган жыйынга БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррес да катышты.

Саммиттин негизги күн тартибин Пакистан менен Индиянын уюмга мүчөлүк процессинин аякташы, глобалдык жана аймактык коопсуздук, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода, экономикалык, маданий, адамзаттык карым – катнаштардын өнүктүрүлүшү темалары түздү. Саммиттин ачылуу сөзүн сүйлөгөн Назарбаев кээ бир аймактарда жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна жакын аймактарда геополитикалык араздашуунун арткандыгына көңүлдөрдү буруп : «Ушунун негизинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчылары кеңешинин эл аралык террор менен күрөшүү билдирүүсү учурунда ташталган кадам»,- деп баа берди.  

Назарбаев Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы бири бирине карата соода карым – катнаштарынын артышы керектигин жана мунун уюмда эркин соода аймагынын түзүлүшүнө шарт түзөрүн айтты.

Назарбаев БУУнун Коопсуздук Кеңешинин  2017 – 2018 – жыл үчүн туруктуу болбогон мүчөсү болгон Казакстандын аймактык жана глобалдык маселелердин чечилиши үчүн керектүү бардык аракетти жумшагандыгына көңүлдөрдү бурду.

Орусиянын президенти В. Путин да Шанхай Кызматташтык Уюмун кеңейтүү чечиминин 2015 – жылы Орусияда өткөрүлгөн Уфа саммитинде чыгарылгандыгын эске салып : «Эки жылдын ичинде Индия менен Пакистан бардык керектүү шарттарды жана процедураларды орундатты. Эми биздин максатыбыз жаңы өнөктөштөрүбүздүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун негизинде улантылган көп пландуу иштерге катышуусуна жардам берүү»,- деди.

Путин Шанхай Кызматташтык Уюмунун кеңейүүсүнүн саясий, экономикалык, адамзаттык тармактарда таасирдүү болушуна шарт түзөрүн белгилеп, уюмдун аймакта эл аралык процесстерде дагы активдүү роль ойношу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.  

Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин чек араларында коопсуздуктун түзүлүшүнүн уюм алдыңкылык берген темалардан экендигине көңүлдөрдү бурган Путин : «Террор жана ашыкчалык арткан дүйнөдө террор идеологиясын жок кылуу үчүн бардык чаралардын көрүлүшү керек»,- деди. Казакстан 2017 – 2018 – жылдагы кезектешкен башкаруучулугун Кытайга өткөрүп берди.

Шанхай Кызматтаык Уюму 2001 – жылы Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан курулган. Уюм мүчө мамлекеттердин арасында саясий, соода, экономикалык, билим, маданият, билим берүү жана башка тармактарда кызматташтык жана ишенимди бекемдөөнү максат кылууда.

Түркия  2012 – жылы 6 – 7 – июнда Пекинде өткөрүлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчылары саммитинде добуш бирдиги менен диалог ортоктугуна кабыл алынган.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости