www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан шайлоого катышымакчы болуп, бирок шайлоого чейин эле партиядан чыгып кеткен Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов менен баарлаштык.

-Шарабидин мырза, “Бүтүн Кыргызстан” партиясындагы интрига сизди шайлоого чейин эле партиядан кетүүгө аргасыз кылдыбы же партиядан кеткениңиздин башка себеби барбы?

-Негизи Садыр Жапаров жана ага окшоп ак жеринен түрмөдө отургандарды чыгарууга тоскоолдук кылган мыйзамдарга оңдоо, түзөө киргизүү максатында депутаттыкка аттанайын деген ниетим болгон. “Мекенчил” партиясы мени 32 орунга коюптур. Ал жактан эч качан депутат боло албасымды түшүнүп, Адахан Кимсанбаевичке келдим. Экөөбүз сүйлөштүк. Максатымды айттым. Ал “биздин партияга кошул” деген. 14-тизмеге коюптур. Тилекке каршы, мен 14-тизмеге илингени партия ичинде “неге Шарабидин Токтосуновду 14-орунга койдуңуз” деп нааразы болгондор көп болду. Мен үчүн азап тартып кыйналбаңыз. Сиз эркекче айткан сөзүңүзгө туруп, 14-орунга койдуңуз. Мен үчүн таландыда калбаңыз. Мага мансап, бийлик эмес, адамдык сапат керек деп партиядан чыгып кеттим.  

-Садыр Жапаровду депутат болбой эле коргосоңуз болбойбу?

-Болот бирок, депутат болбосоң ак жеринен камалып жаткандарды чыгара албасыма көзүм жетти. Себеби, Садыр Жапаровду 8 жылдан бери коргоп келе жатам. Актай турган жолун айтсаң, улам бири-бирине каршы келген мыйзамдарды кеп кылып, чыгарбастын айласын кылышат. Мисалы, Садырды ырайым сурасын дешти. Ырайым сураса, мыйзамга дал келбейт деген шылтоону айтышып отуруп, тилекке каршы мунапыс да колдонулбай калды.

Мыйзамда катачылык болсо, кем-карчы көп болсо, ак адамды да сүйлөшүү жолу менен да чыгара албайсың. Анткени, премьер-министр да мыйзам менен иш кылат. Баарына көзүм жеткенден кийин   депутат болуп барып, бири-бирине каршы келген мыйзамдарды оңдоп-түзөйүн дегем. Парламентке барып, мандатты алып, маашырланайын деген эмесмин. 

Анткени, Садыр Жапаров камалганы канчалаган депутаттарга жолуктум. Сеникин угуп, ии дейт экен да, өз кызыкчылыгына жараша иш кылат экен.  Ошон үчүн кимиси депутат болсо да, бул мыйзамдарды өзгөртүшүнө көзүм жетпей калган. Ошон үчүн өзүм депутат болуп барайын, пайдасынан зыяны көп мыйзамдардагы катачылыкты оңдоюн, жазган мыйзамдарымды коргоюн, депутаттык милдетти атак аткарайын дегем. Себеби, депутаттын негизги милдети мыйзам жазуу, өкмөттү чакырып алып отчёт алуу эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости