www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш мыйзамы болуп саналган жыныстык катнаш – жашоонун эгиз түшүнүгү. Бирок, тыюу салынган бир катар чектөөлөр бар.

1. Жыныстык катнаш учурунда бутту кыбыла жакка каратуу жагымсыз иш болуп көрүнөт.

2. Эгер бөлмөдө касиеттүү куран китеби болсо, аны бир нерсе менен жаап койгон туура.

3. Жылаңач абалда жыныстык катнашка баруу, башкача айтканда төшөк менен же шейшеп менен жамынбаса арам болот. Пайгамбарыбыз айтат: “Кимде ким аялдары менен жыныстык катнашка барса, бир нерсе жамынсын. Жапайы эшектерге окшоп, жыңылачтанбагыла”, - деп.

4. Катнаш учурунда сүйлөшүү, күлүү жана үндү көтөрүүгө тыюу салынат. Себеби, бул нерсе катнаштагы рахатты азайтат.

5. Жыныстык катнаш учурунда бири-биринин жыныс мүчөлөрүнө кароого болбойт.

6. Эркек жыныстык катнашты аялы толук канааттанганча улантышы керек, башкача айтканда спермасын болушунча узак убакытка чейин чыгарбашы керек. Эркек аялын канааттандыруу үчүн колунан келгенин жасоого милдеттүү.

7. Башка адамдарга жубайлар ортосундагы сырларды айтууга катуу тыюу салынат.

8. Ооруган кезде жыныстык катнашка барууга болбойт. 

9. Жыныстык катнашка жаныбарлардын же башка адамдын көзүнчө барууга тыюу салынат.

10. Дааратка кысылганда жыныстык катнашка барууга болбойт.

11. Жубайыңыз каалабай турганда катнаш жасоо арам болот.

Булак: "chabarman.kg"

Последние новости