www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын жумушчу тобу парламенттик шайлоого катышам деген саясий партиялардын документтери менен таанышып, "лөк" партиялардын катарындагы "Кыргызстан" партиясынын документтерин лидерине кайрып берди. Ошентип, эзели аталган партиянын эсинен чыкпай калган 2 мүнөт аттуу-баштуу акчалуу, абройлуу Шаки агабызды дагы ойлонтурду да койду.

Социалдык тармактагы такталбаган маалыматтарга таянсак, болуп өткөн ызы-чуудан кийин, «Шаки байкебиз шапкесин үстөлгө чаап, партиянын лөктөрүнүн баарын чакырып, чогулуш кылып, мээлерине чай кайнатыптыр. Андан тышкары накталай алып келген 5 миллион долларды ортого коюп, партиялаштарына шайлоо иштерин күчөтүүнү, аймактардагы жана башка штабдарды күчтөп, агитаторлордун санын 5 эсе көбөйтүүнү, пиар кызматынын штатын 2-3 эсе көбөйтүүнү катуу буйруган», имиш.

Негизи кыргыздарга кечигип жүрүүнүн кесепети көп эле жолу тийет. Тээ илгери ата-бабалар күнгө карап иш кылгандай каныбызга сиңип калганбы, айтор оңолбой эле койдук. Дегенибиз менен 2 мүнөт акыркы эки күндөн бери талкууга түшүп, чуру-чууну жакшы көргөндөргө майдай эле жага түштү окшойт, төрдүн төрүн эл арасында «кызтеке» ылакабы менен таанылган Улан Үсөйүн ээледи. Шайылдабекованын шайын оодарам дедиби, айтор Шайылдабекова тепсе термелбестен, шашпай сүйлөп сол тарабындагы жигитке, «соо элесиңби?» дегендей карап койду дагы, жоон топтун шайын Шайылдабекова оодарды окшойт.

Ошентип 2 мүнөттөн чыккан ызы-чууга бүгүн, 27-августта сот чечим чыгарат. Аз убакыт калды, «Кыргызстан» саясый партиясынын тагдыры 4 сааттан кийин чечилет.

А баса,  «Шаки байкебиз шапкесин үстөлгө чаап, партиянын лөктөрүнүн баарын чакырып, чогулуш кылып, мээлерине чай кайнатыптыр», деген сөз чындыкка дал келсе, жакшы эле болуптур кыязы, төбөлөрүнө чай кайнатмак тургай командасы менен "АКШнын Венесуэла штатына" «оптом» жөнөтүп жиберсе болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости