www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрөт

11-12-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда,  абанын температурасы кескин төмөндөп:

12-13-сентябрь күнү Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9°га чейин төмөндөйт.

Ал эми бул күндөрү Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүзү 18…23°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°ка чейин болушу күтүлөт

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости