www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында «Талас Органик» агрокомплексинин ачылыш аземи өттү.

Долбоор «Альянс Алтын» фонду тарабынан 320 млн сом көлөмүндөгү жеке инвестициянын эсебинен каржыланган. «Талас Органик» Талас облусунда эл аралык органикалык сертификатка ээ болгон биринчи толук циклдеги агрокомплекс болуп саналат.

Агрокомплекс 300 гектар аянтты ээлейт. Анда тамчылатып жана жаадырып сугаруу системалары, суу бассейни, ошондой эле 1,5 миң тонна сыйымдуулуктагы климаттык көзөмөлдөгү кампа иштейт.

Өндүрүштүн толук цикли айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, жыйноо, калибрлөө, муздатуу, сактоо, таңгактоо жана сатуу процесстерин камтыйт.

Долбоордун алкагында биринчи сезондо 35 гектар жерге органикалык картошка өстүрүлүп, аны Казакстанга экспорттоо пландалууда.

Келечекте агрокомплекстин аянтын 500 гектарга чейин кеңейтүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн көбөйтүү жана фермерлерди органикалык өндүрүш технологияларына окутуу каралган.

Долбоор органикалык айыл чарбасына инвестиция тартууга, заманбап өндүрүш жана сактоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө, фермерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргызстандын экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган.

Последние новости