www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жай министри, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков менен журналист Ыдырыс Исаковдун дебаты бүгүн, 7-октябрда саат 19:00дө, УТРКнын «Улуттук биринчи каналында» түз эфирде көрсөтүлөт.
Дебатка балык чарбасындагы көйгөйлөр жана жергиликтүү тоюттун сапаты, ошондой эле импорттук тоютка коюлган чектөөлөр себеп болду. Ыдырыс Исаков жергиликтүү тоюттун сапатына күмөн санап, бул маселени коомчулукка алып чыккан. Буга жооп катары Эрлист Акунбеков журналистти маалыматты бир тараптуу чагылдырууда деп сындап, аны ачык дебатка чакырган.
Бирок министр блогер менен акыйлашып, өзүнүн позициясын далилдөөгө убакыт короткондон көрө, көйгөйдүн өзүн чечүүгө күч жумшаса болмок, жеңил пиар издеп ооз чойбой.
Эгер жергиликтүү тоют сапаттуу болсо, муну сөз менен эмес, көз карандысыз экспертизанын жыйынтыгы менен көрсөтүүгө болот. Эгер сапат боюнча маселе бар болсо, аны оңдоо, министрликтин түз милдети. Импорттук тоютка чектөө коюлган болсо, анын балык чарбасына тийгизген таасири да коомчулукка ачык түшүндүрүлүшү зарыл.
Министрдин сынга жооп берүүгө укугу бар. Бирок министрдин милдети сын айткандарды дебатка чакырып, аны жеңүү эмес, элдин маселсин чечүү.