www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Педофилдердин орду түрмөдө жана аларга коомдо орун жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта депутат Айсаракан Абдибаева педофилдерди коргогондой болгон билдирүүсүнө байланыштуу активдүү талкуулар жүрүп жатат.

«Бул тема боюнча талкуу бир катар жарандардын кайрылууларынан кийин комитеттин жыйынында башталган. Депутат жалпы теманы талкуулоонун алкагында өз оюн айтууга укуктуу. Бирок бул үчүн бүтүндөй парламентти сынга алуу туура эмес. Белгилей кетсем, депутат педофилдерге байланыштуу мыйзам долбоорун демилгелеген эмес жана парламент мындай кадамга эч качан барбайт.

Тескерисинче, бардык педофилдер түрмөдө отуруп, өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде болушу үчүн мыйзамдарды катаалдаштырдык. Биз атүгүл кастрация киргизүүнү да каалаганбыз, бирок кийин андан баш тарттык. Биздин принцип — педофилдер кадимки адамдардын арасында жашабашы керек. Буга чейин жашы жете элек балдарды, майыптарды зордуктаган учурлар болгонун билебиз. Айрым педофилдер психикалык жактан жабыркаганын жүйө кылып, маалымкат алып, эркиндикке чыгып кетишкен. Буга жол берилбеши керек», — деп белгиледи Марлен Маматалиев.

Ал депутаттарга күнөөсүз жаштар педофил катары айыпталып, мыйзамсыз соттолгон учурлар боюнча кайрылуулар түшүп жатканын кошумчалады. Ал прокуратураны мындай учурлардын ар бирин текшерүүгө чакырды.

 

Последние новости