www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тбилиси шаарында Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Грузиянын айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министри Давид Сонгулашвили менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы практикалык кызматташтыкты чыңдоо жана достук мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап эл аралык климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, климаттык долбоорлорду даярдоо, «жашыл» инвестицияларды тартуу жана жашыл каржылоо механизмдерин өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле бул багыттарда тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди даярдоого кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү боюнча да пикир алышты. Кыргызстан бул жаатта Грузиянын тажрыйбасын эске алуу менен практикалык тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, туруктуулукту жогорулатуу жана эл аралык климаттык демилгелердин алкагындагы кызматташтык маселелери каралды.

Тараптар жетишилген макулдашуулар жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз болоруна ишеним билдиришти.

Последние новости