www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 15-январынан 18-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Бишкек–Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка–Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында, Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүcү ыктымал.