www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-17-февралдарда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондору менен ашууларында көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында , Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) көчкү түшүп, күрткү жаралышы мүмкүн. Ушундай эле кооптуулук Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдагы аймактарында да бар.  Жолдор  тоңуп, тайгалак болот. ӨКМ жолго чыккан автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экенин эскертти.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости