www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

10-15-июндарында абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости