www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад курортунун кызматкерлерин, Жалал-Абад шаардык ИИБнын кызматкерлери, 30га жакын аял жана 16-20 эркек, анын ичинен 4 күзөтчүнү башка-бутка койгулап, күч менен кармап кетишкен. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

“Аталган курорттогу кызматкерлер, мыйзамсыз дайындалган жетекчи Эркебай Маткеримовду кабыл албай, рейдерликке каршы болуп жатышкан. Тилекке каршы азыр каршы чыккан аялдарды, жергиликтүү ИИБ күч менен кармап алып кетишти. Демек, мындай рейдерлик менен басып алуу Кыргызстанда көнүмүш адатка айланып бара жатыптыр. Анда кыргыз эли ит эле болгон экенбиз, мыйзам деген өлүптүр”, - дейт атын атагысы келбеген жаран.

Андан сырткары ИИМ кызмакерлери эшиктерди талкалап-сындырып киришкени маалым болду. Кызматкерлердин биринин айтымына караганда эртеңден баштап курортто иш таштоо башталат.

Эске сала кетсек кечээ, 12-майда аталган ызы-чуунун башаты, профсоюздар федерациясына төрага болуп келген КСДПчы Мирбек Асанакунов Жалал-Абаддагы санаторияга рейдерлик басып алуу уюштуруп жаткандыгы айтылып, 150дөй спортсменди коштоп келгендиги кабарланган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости