Шавкат Мирзиёев мыйзамды бузуп президенттикке талапкерлигин койууда
Борбордук Азия жаңылыктары  |   |  5724

2021-жылдын 24-октябрында Өзбекстан Республикасында Президенттик шайлоо өтөт. Буга карата шайлоо кампаниясы 23-июлда башталган.

Учурдагы Президент Шавкат Мирзиёев Либералдык-демократиялык партиядан (УзЛиДеП) Президенттик кызматка талапкер болуп катталганы белгилүү болду. Өлкөнүн мыйзамы боюнча, Президенттик шайлоого талапкерлерди саясий партиялар гана көрсөтө алат. Бул укукка шайлоо кампаниясы башталганга чейин 4 ай мурда каттоодон өткөн партиялар гана ээ.

Өзбекстандын БШКсы тараткан маалымат боюнча, Ш.Мирзеёв 14-сентябрда талапкер болуп катталган.

Өзбекстандын Президенти 5 жылга шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями