www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына барат.

Саммитте климат өзгөрүп жаткан азыркы шартта Арал деңизинин бассейниндеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусуна байланышкан актуалдуу маселелер каралат. Анын жыйынтыгында Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат деп күтүлүүдө.

90-жылдары Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн Аралды сактоо фонду — Аралды сактоо жана ал аймактагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча биргелешкен долбоорлор менен программаларды каржылоого багытталган.

Гурбангулы Бердымухамедов Шавкат Мирзиёевди Түркмөнстанда өтө турган бул саммитке июндун аягында телефон аркылуу сүйлөшкөн маалда чакырган.

Өзбекстан президенти былтыр Түркмөнстанга үч жолу барган. Ал сапарларынын жүрүшүндө Мирзиёев өлкөлөр ортосунда чечилбеген бир дагы маселе калбаганын билдирген.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости