www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-апрелде Өзбекстандын Бухара, Навои, Самарканд жана Кашкадария облустарында катуу шамал болуп, калктын жашоосуна, инфраструктурага жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө чоң зыян келтирди. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Бухарада болуп өткөн табигый кырсыктын кесепеттерин карап чыгуу, зарыл чараларды аныктоо жана калк менен түз байланышуу максатында Бухара облусуна барып, жергиликтүү тургундар менен жолугуп кайтты.

Алат районунун борборунда жергиликтүү тургундар жана активисттер менен жолугушуу болуп өттү. Мамлекет башчысы кечээги катуу шамал күтүүсүз жана болуп көрбөгөндөй табигый кырсык болуп, адамдардын жашоосуна, айыл чарбасына жана башка тармактарга терс таасирин тийгизгендигин өкүнүү менен белгиледи.

--“Элибиз биримдикте болуп, көптөгөн сыноолорду жеңди. Бул жолу дагы керектүү чаралар көрүлүп, кырсыктын кесепеттери тез арада жоюлат. Эң негизгиси, жакшы ниеттерибизди өчүрбөстөн бирге күрөшсөк, анда биз, бул кыйынчылыктарды жеңебиз”, - деди Президент 28-апрелде эл менен жолугушуусунда. https://president.uz/uploads/05503bec-6056-1c5a-1e3f-0bfdfed2d218.jpg

https://president.uz/uploads/be9d293e-1fc1-36df-d2fa-6522ee632de1.jpg

Президент алгач табигый кырсыктан жапа тарткандарды тик учак менен абадан көзөмөл кылган.

https://president.uz/uploads/69c99f39-b2bd-069c-e3e1-611ede8dd119.jpg

https://president.uz/uploads/2e23b554-bf7f-ba8e-766c-054e7b275b11.jpg

https://president.uz/uploads/4575f1fb-3ff1-dff2-1bf9-d23785aa9635.jpg

https://president.uz/uploads/f93e8d05-7eff-009b-a52e-fe33b4f15199.jpg

Президент Шавкат Мирзиёев Бухара облусуна жасаган иш сапарында Бахауддин Накшбанддын мавзолейине барды.

https://president.uz/uploads/5cf77139-72b2-79b5-9c5c-4ee3090372ec.jpg

Президент, Өзбекстан калкына Ыйык Рамазан күндөрүндө Алла Таала элибизге тынчтык жана бейпилдик, өлкөбүздү ар кандай кырсыктардан коргоону дуба кылды.

 https://president.uz/uploads/72113539-1f8c-e230-dc82-c8318d21236d.jpg

Бухара эл аралык аэропортунда министрликтерге жана ведомстволорго табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу жана калкка, фермерлерге жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү тапшырылды.

Эске сала кетсек, 27-апрелде Өзбекстандын Бухара, Навои, Самарканд жана Кашкадария облустарында секундасына 9-40 метрге чейин жеткен шамал болгон. Натыйжада бир нече жаран жаракат алып, бирөө көз жумган. Ошондой эле, үйлөргө, унааларга, инфраструктурага жана түшүмгө ири зыян келтирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости