www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москванын Новомосковский административдик округуна караштуу Щербинка шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери 50дөй тажик мигрантын сабашканы маалым болду.
9-сентябрь күнү таң ата электе беткап тагынган ОМОН кызматкерлери тажик мигранттары жашаган жатаканага кирип келишип, аларды ур-токмокко алышкан.
“Озоди” радиосуна жөнөтүлгөн видеодо омончулар чала уйкудагы чет өлкөлүктөрдү өтө орой мамиле менен көчөгө түртүп чыгарып, резина союлдар менен сабаганын көрүүгө болот.
Тажикстандык мигрант Насим Жобировдун айтымында, омончулар жатаканадан маңзат издешкен: “Эч нерсе табышпагандан кийин баарын бошотушту. Бирок мигранттардын көбү өз бөлмөлөрүнө келип, акчаларын таппай калышты”, - деди ал.
Орусия ИИМинин Щербинский району боюнча нөөмөттөгү кызматкери бул окуя боюнча кабары жок экенин, даттанып кайрылгандар болбогонун билдирди.
Тажикстандын Орусиядагы элчилиги да ОМОН кызматкерлери тажик мигранттарын сабаганын билбей турганын айтты.
Мигранттар болсо камактан жана депортациядан коркуп арыз жазышпаганын белгилешүүдө.
Эл аралык каржы уюмдарынын иликтөөлөрүнө караганда, Тажикстанда ар бир төртүнчү үй-бүлө чет өлкөдөн жакындары жөнөткөн акчанын эсебинен жашайт. Былтыр тажик бийлиги Орусияга жарым миллион киши чыгып кеткенин маалымдаган. Орусия бийлиги бир миллиондон ашуун тажикстандык келгенин билдирүүдө.
Булак: centralasian