www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн (Деңиз флотунун) башчысы, вице-адмирал Кай-Ахим Шёнбах Крымдын Украинага кайтарылышы ыктымалдыгын баалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Крым жарым аралы жок. Ал Украинага «эч качан кайтып келбейт». Бул чындык», - деди Шенбах.
Белгилей кетсек, буга чейин Крымды Украинага кайтаруу мүмкүн эмес, деп билдирди Словакиянын вице-премьер-министри Ричард Сулик.
Анын пикиринде, Крымдын Орусияга кошулуусунан улам Евробиримдиктин Москвага каршы киргизген санкциялары зыяндуу. Вице-премьер-министр белгилегендей, анын «жабык эшик артында» пикири Евробиримдикке мүчө айрым мамлекеттер тарабынан бирдей.
Булак: NazarNews.kg