www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Гуандун провинциясында жайгашкан Шэньчжэнь дүйнөдөгү 5G тармагы менен толук камтылган биринчи шаар болду. Бүгүнкү күндө шаарда 46,4 миңден ашык 5G станциялары курулган.

Бул тууралуу аталган шаардын мэри Чен Ругуи аталган тармакты ишке киргизүүдө билдирди.

“Шаарда 46,4 миңден ашык станция курулган, бул пландагыдан 1,5 миңге көп. Шаар ошондой эле 5G тармагын камтуу боюнча Кытайда биринчи орунда” деди ал.

2019-жылдын сентябрында Шэньчжэнь администрациясы Кытайда биринчилерден болуп шаарды жаңы тармак менен толугу менен жабдууну максат кылган.

Учурда 5G инфраструктурасы бүтүндөй Кытай боюнча курулуп жатат. Өкмөт 5G колдонуучуларынын санын 200 миллиондон ашыкка жеткирүү үчүн 2020-жылдын аягына чейин 800,000 станция орнотууну пландаштырууда. Бул максатта жума сайын 10000ден ашык станция орнотулат. Жакында эле Кытайдын уюлдук операторлору 5G топтомдоруна тарифтердин төмөндөшүн жарыялады.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости