www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ учурда бардык тарапта реформалык аракеттерге барууда. Бирдиктүү терезе, Командалык борбор, Жол коопсуздугу, район коопсуздугу, Мониторинг борбору аттуу санариптешкен иш чараларды жүргүзүү менен коррупцияга байланышкан жагдайларды азайтуунун үстүндө иштеп жатканы маалым. Быйыл Президенттин да мына ушул багытта иш-чараларды күчтөндүрүү боюнча Жарлыгы бар. Мындан улам заманбап кылмыштуулук же киберкоркунучтар, экстремизм-терроризм, Жол кырсыктары, коопсуз жол же коопсуз шаар долбоору, кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо дегеле милициянын коомдогу орду тууралуу Бактыгулов Шерадил мырза менен маектештик.
-Шерадил мырза, сиздин оюңузча ИИМ кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук тартипти сактоодон дагы башка кандай реформалык аракеттерди көрүүгө тийиш?
-Бул абдан маанилүү жана татаал суроо. Биринчиден биздин жарандар билиш керек – баардык реформалар алардын коопсуздугу үчүн болуп жатат. Экинчиден – биздин милиция жана жалпы коопсуздук системабыз башка өлкөлөрдүн аталган тармактарындагы системаларына окшош эмес. Ал тургай аталышы, же түзүлүш формасы да башкачараак. Маселен, батыш жана чыгыш мамлекеттеринде коомдук тартипти сактоо кызматтары полиция жана жандармерия деп бөлүнгөн. Айтсак, Италияда аларды Карабинердердин Корпусу дейт, АКШда Улуттук гвардия, Орусия да Росгвардия дешет. Бизде милициянын функциялары жандармерияга жакын болуп атат. Эгер бизде полициялык функциялар калса жана жандармериялык функциялар жок болсо бул биздин өлкөбүздүн жана жарандардын коопсуздугуна зыяны тиет.
Ошондон улам мезгил талабына жана мамлекеттин конституциялык шарттарына ылайык реформаларды алпарганга бирдиктүү күч менен көңүл бурулса жакшы болот эле.
Дагы бир чоң маселе, милицияда децентрализациянын деңгээли чоң. Мисалы, райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги бардык милициялык кызматтарынын командири болушу керек. Советтик Союз мезгилинде ушундай ыкма согуш учурунда душмандарга каршылык чекити катары эсептелген. Мамлекеттик башкаруу системабызда децентрализация жаатындагы реформалар мурунку ыкманы жоюп баратат. Райондук милициянын начальниги мейли тергөөнүбү, криминалдык милиция кызматынбы же Жол кайгуул кызматынбы толук көзөмөлдөй албаган кырдаал түзүлүүдө. Бул ошол эле учурда район аймагындагы абалды оорлоштурат. Ооба, заман талабына, шартына ылайык реформа керек. Бирок ушу милициянын системасын сактасак жакшы болот эле. Негизи милициянын райондук деңгээли биздин өлкөбүздүн коопсуздук систамасынын эң негизги элементи болуп жатат. Муну жоготпош керек. Бирок ошо райондук бөлүмдөрдүн башчыларынын деңгээли жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланыш саясий суроолорду туудуруп коюшу мүмкүн, менин оюмча Кыргызстанда азыркы эле системаны күчтөнтүү, чыңдап жана аны ар тараптуу колдоого алыш керек. Милицияда машина, бензин, айлык акы деген проблема тап-такыр болбош керек. Мына кыргыз мамлекетинин өкмөтү ушунун үстүндө иштеши керек
-Заман талабы демекчи, заманбап кылмыштуулук же киберкоркунучтар, экстремизм-террроризм багытында Кыргызстанда кандай иш чараларды күчтөндүрүү керек?
-Бул багытта жеке милиция же күч структурасы гана эмес, жалпы коомчулук иштесе жакшы болот эле, себеби бул көп тармактуу феномен болуп жатат.
Киберкоркунучтар, экстремизим-террроризмге кошулгандардын арасында жогорку билимдүүлөр да, ошол эле маалда башталгыч мектепти бүткөн адамдар, бай жана бай эмес үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар бар, айрымдары каражатка, айрымдары идеяга кызыккан адамдар ж.б. баары бар. Бул эмнени айтат.
Демек, ушу тапта заманбап же, адамдын ишеним катастрофасын жараткан, күн санап өнүгүү жолунда бараткан кылмыштуулуктун бул түрүнөн орто адамдык портретти чыгаралбайбыз. Ошондуктан жалгыз гана милициянын кызматкерлердин убакыты да, күчү да жетпейт. Менин жеке оюм – оперативдик жана агентурдук иштерге көңүл буруш керек. «Оперлердин» санын көбөйтүү жана квалификациясын көтөрүү иштери токтоосуз колго алынса жакшы болот эле. Албетте, социалдык гарантиялар да болуш керек.
Дагы бир багыт, милицияда иштеп, атайын билимди алып анан милициядан кетип мыйзамсыз же криминалдык топторго кошулган адамдар бар. Ошондой адамдарга Кылмыш кодекстеринде өтө оор күнөө кылганы же оор кылмыш жасаганы боюнча жеткен чектеги мыйзам жаза колдонулары мыйзамда бекитилсе болот эле. Себеби алар атайын билимди алып кримтопторго кошулуп, аны кайра милицияга каршы колдонуп жатышпайбы.
-Айрыкча жаштар арасында диний экстремизмдин коркунучтуу жактары, баңгизаттарды пайдалануунун зыяндуулугу жаатында өлкө, анын ичинде ИИМ эмне иш кылыш керек? Албетте, мамлекеттик органдардын баары буга жооптуу, бирок учурда бул багытта милициядан башка бир да мамлекеттик орган кыймылдабай, жергиликтүү бийлик органдары болсо уктап жаткандай абалда. Буга кошуласызбы?
-Кошулам, мурда милиционер Баш мыйзамдарда бийликтин ыйгарым укуктуу өкүлү деп бекитилген. Тилекке каршы, азыр андай жок. Натыйжасында, өтө көп жана натыйжасыз реформалардан улам коомчулук милицияны жаман көрүп баштаган. Бүгүнкү күндөрдө коомдун тамырын кармай билүү жана заман шартына шайкештендирүү аракеттеринде жасалып жаткан реформаларда коомчулуктун милицияга карата ишеними, таянычы байкала баштады. Мындан улам жалпы коомчулук жаңы муунга “Милиция биздин тирек” деп түшүндүрүп бербесе экстремизмге окшогон жана андан да катаал, коркунучтуу кылмыштуулук өсө берет. Бир эле чындыкка токтололу, менин балам же кызым коопсуз өлкө жана келечектүү Кыргызстанда жашашыбыз үчүн жалгыз гана милициянын кам көрүүсү жетишсиз. Ошол экстремизм, дин, саясат жана баңгичилик жаатында жалпы коомдук ураан, демилге көтөрүлүүгө тийиш. Жана да бул аң сезим баарына жетиш үчүн баардык тармактар идеологиялык күрөштүн жаны жай албаган жоокерлери болушу керек.
-Жол кырсыктары, коопсуз жол же коопсуз шаар долбоору тууралуу кандай пикирдесиз? Заман шартына шайкеш иш-чаралар жүрүп жатат деп ойлойсузбу?
-Долбоорлор жакшы. Болгон маселе – каражатыбыз аз. Мисалы коопсуз жол бул коопсуз шаар системасынын бир эле элементи деп эсептелет. Бирок коопсуз жол айыптар аркылуу өзүн актайт. Бул жакшы кадам болчу: каражатты топтоп башка долбоорлорду иштеткенге аракет кылганга. Себеби коопсуз шаарга өзүн актабаган элементтер да кирет – өрт коопсуздугу, жылытуу же электр системасынын бузулуусу ж.б.
Коопсуз жол жакшы натыйжасын көрсөттү – биздин айдоочулар ага көнүп, тартиптүү болуп баратат. Бишкекте жана Бишкек-Чолпон-Ата жолунда жол кырсыктардын саны төмөндөдү. Салыштырмалуу, башка аймактарда да так ушундай болсо керек деп ойлойм. Албетте, айдоочулар биздин жарандар. Эгер аларды жолдо жүрүү эрежеси кандайдыр бир тартипке чакыра алса анда алар да күндөлүк иштер менен жүргөндө тартиптүү болууга аракет кылышат деген үмүт бар. Бул үмүт бүтүндөй мамлекеттин идеологиясынын бир бутагы экенин да эстен чыгарбайлы. Буну бардык жерге орнотуу керек. Ал кылмыштын алдын алат, кылмыш бетин ачканга жардам берет жол кырсыгын азайтат. ИИМдин бул багыттагы аракеттери мактоого аларлык десем жаңылышпайбыз. Биз ансыз алдыга жылбайбыз
-Жакында «Дело №» гезити жазып чыкты. “10 миң сомго чейинки чөнтөк уурулук фактылары боюнча кармалгандарды тергөөчү бошотууга аргасыз болду. Алар айып пул төлөш керек экен. Ал эми ошол эле уурулар айып пулду төлөө үчүн башкалардын чөнтөгүнө ууруга кире албайт деп эч ким айта албайт да”-деп. Буга пикириңиз кандай. Мыйзамды күчөтүү керекпи же кандай болууга тийиш?..
-Ооба, былтыркы жылдан баштап жаңы мыйзам кодекстер иштеп жатат. Бирок, Кодекстердин долбоорлорун сунуштаган адистер жана жарандык активисттер илимий жана теория тарабынан гана караган. Мындан улам алар “Гуманизация”-деген ураан менен рецидивисттерге жол ачып беришти. Эми биздин жарандарыбыз рецидивисттерге мындайча айтканда мал катары болуп калды. Алардын акчасын уурдап, малын союп койсо рецидивисттер жоопкерчиликке тартылбайт. Айып пул менен кутулуп кете берсе болот. Мына ушул ыргактан алып караганда өтө шашылыш жана чала сабаттуулук менен кабыл алынган мыйзамдардан улам мамлекеттин эң башкы конституциялык милдети аткарылбай калды. Ал деген - жарандардын коопсуздугун коргоо. Иттин өлүгү так ушул жерге катылган. Эми коомчулук менен милиция бири-бирине болгон мамилени оңдоо үчүн так ушул ажырымга алып келген мыйзамдарды оңдоонун үстүндө иштөө керек болот. Бул деген түйшүктү арттыруу. Ар бир кабыл алынып жаткан мыйзам менен кодекстер илимий жана теориялык жактан эмес, практикалык жана жашоо образында иштеп кете аларын да эске алыш керек. Ошол себептүү ИИМ жакшылап, тактап аныктап бир катар мыйзам ченемдерине өзгөртүү киргизиши зарыл. ИИМдин тажрыйбасы бар, ал эми ошол кодекстерди, мыйзамдарды түзгөндөрдүн практикалык тажрыйбасы жок, болгон кептин баары ушунда. Ошол себептүү ИИМге бардык өзгөрүү толуктоолорду киргизгенге уруксаат бериш керек. Жогорку Кеңеш аны тездетип кабыл алып бериши керек. Практикада башка, теорияда башка болбошу керек
-Бишкек мэриясына караштуу бардык коомдук транспорттор, автобус, троллейбус, маршруткалар, таксилер айтор бардыгына видео камераларды орнотуу тууралуу Бишкек шаардык милициясы сунуш киргизди эле. Мэрия тоготуп да койгон жок. Бул автоунааларда күнүгө уурулуктар болууда. Бишкек шаардык милициясы менен Бишкек шаардык мэриясы бул багытта көзөмөл кыла алышкан жок. Идеялар айтылган жерде калды. Бул саботажбы же кайдыгерликпи?..
-Бул коррупция. Эл аралык ченемдерди караганда – коррупционер бузулган адам деп аталат. Эгер видео камералар баардык коомдук транспортторго орнотулса аларда айдоочулардын өзүлөрү жол эрежелерди бузгандыгы тартылып калат. Тартылса айып төлөш керек. Бишкек шаарынын тургундары эң сонун билет – жол эрежелерин бузгандар так ушул маршруттук таксилер. Бул ишканалар жеке менчик ээлериники. Мындан улам Шаардык милицияга кирешесин көбөйтүү үчүн мыйзамдарды уруп ойнобогон жеке менчик ишканалар жана аларды “крышовайть” эткен мэрия гана жолтоо болууда. Бул саботаж дагы жана ашынган коррупция!
-«Кой-Таш окуяларында милиция коомдук тартипти орнотуу максатында мыйзам чегинде тишелүү иш чараларды көрдү. Мамлекеттик комиссия да ошентип айтты. Жеке сиздин пикириңизде ошол мезгилдеги саясий абалдын курчтугу маалында милициянын иш аракети кандай болду деп ойлойсуз?
-Кой-Таш окуялар учурунда мен эки-үч макала жазгам жана комментарийлерди бергем. Дагы бир жолу кайталап коёюн – милиция мыйзамдын чегинде иштеген. Бишкекте башаламандыктарга жол берген эмес. Милициянын кызматкерлери ал окуя учурунда жогорку профессионалдар катары өзүлөрүн көрсөтө алышты. Алтургай баатырдык да жасашты десек болот. Маселен, атайын каражаттарын кийүүгө үлгүрүшпөсө да ар кандай топторго каршы чыгышкан. Бул жигитчилик жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн берилгендик. Ооба, милиционерлер билген, ушундай негативдүү кырдаал боло турганын, бирок бирөө да ооруп жатам деп качкан эмес. Милиция өлкөдө кандай кырдаал болбосун милдетин так аткарып, мамлекет бүтүндүгү үчүн татыктуу ишин көрсөтүп келет.
-Келечекте сиз укук коргоо органдары кандай багытта иштеши керек деп ойлойсуз?
-Кыргыз милициясы Манас атанын кырк чоролорунун мураскорлору. Бирөө жактырат, бирөө жактырбайт – бул турмуш. Милиционерлер биз жашаган коомдун мүчөлөрү. Биринчиден, биз баарыбыз Кыргыз Республикасынын жарандарыбыз, анан кантип бири-бирибизди бөлөбүз? Өлкөбүздүн тагдыры - биздин жалпы тагдыр. Мамлекетибиз өнүксө коом жана милиция жакшы жол менен иштешет. Бирок бүгүнкү күндөрдө биздин жарандарыбыз бир бирине тоскоолдук кылганга көнүп алышты. Жоопкер адам болсок мамлекетибиз да өнүгөт жана милицияга карата мамилелер да оңолот.
Милиция коомдун мүчөсү, коом жакшы болсо, эл жакшы болсо, эми мен тартиптүү болсо деген багытта айтып жатамын. Милициянын өз милдети бар, алар коомдук тартип сакташат, кылмыштын бетин ачышат, кылмыш жазагандарды камашат, анын ушундай кызматы бар. Ал үчүн аны жаман көрүүнүн ордуна туура түшүнү керек, ал дүйнө жүзүндө ушундай.
Ал ар бир адамдын укугун сактоонун үстүндө турат, демек ал коомдун активдүү тазалагычы жана ишенимдүү адамы. Демек, милицияны жаман дебестен аны кайра күчтөндүрүп, дүйнөлүк коркунучтардын алдын алууга жана ошону менен күрөшүүгө даярдашыбыз керек. Бул эми мамлекеттик камкордук десек да болот.
Кубаныч Зайнидинов
Булак: NazarNews.kg