www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жапаров 500 күндүк ишинин ичинде популярдуу эмес чечимдерди кабыл алуу үчүн жоопкерчиликти алууга даяр адам экенин көрсөттү. Бул тууралуу мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--«Мисалы, Кыргызстанда гана белгилүү болбогон Кумтөр кенин кыргыз тарап сунуш кылган шарттарда Кыргызстандын юрисдикциясына кайтарып алуу маселеси. Бул Кыргыз Республикасынын саясий системасына да тиешелүү. Бул 2010-жылдагы партиялык жетекчиликтен чегинүү, Жогорку Кеңешти түзүү үчүн демократиялык системага карай кеткендик. Андан ары ротация жөнүндө айтсак, 2021-жылдагы акимдерди ротациялоо абдан ийгиликтүү болду. Ал эми соттордун ротациясы азырынча суроолорду жаратууда, бирок, мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу максатында ротация механизминин өзү Кыргыз Республикасында биринчи жолу кеңири масштабда колдонулуп жатат. Буга чейин ротация мамлекеттик органдарда, негизинен айрым министрликтерде керексиз адамдарды кызматтан алуу куралы катары колдонулуп келген”, - деп белгиледи Шерадил Бактыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги, материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана берилет.

Последние новости