www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

60 жаштагы англиялык ишкер аял, интерьер дизайнери жана модель Шери Дэвенпорт Daily Mail агенттигине жаштык сырлары менен бөлүшкөн. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Белгилүү болгондой, Шери этек кири биротоло токтогондон кийин тамактануу рационун өзгөртүп, тамак-аш кошулмаларын колдоно баштаган. Ошондой эле дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону таштаган эмес.

"Азыр өзүмдү 50 жаштагыдан да жакшы сезем. Мен гормон алмаштыруу терапиясынан баш тартып, анын жөнөкөй жолун таптым. Тагыраагы, өсүмдүк экстрактынан жасалган дарыларды колдоно баштадым. Мындан сырткары, кофеин, ичимдик, кумшекерди рациондон чийип салгам. Кызыл эт, тоок этин да жебейм, балыкты гана пайдаланам. Косметологго барып, сапаттуу гана косметикаларды колдоном. Сөөк, муундар бекемдесин деп тамак-аш кошулмаларын алам. Ар таңда медитация жасап, андан кийин спорт менен машыгам. Сальса дагы бийлейм", — деген ал.

Белгилей кетсек, Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн кошумчалаган. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

Ал эми ишкер аялдын учурда башы бош. Ал бир баланын апасы, эки неберенин чоң энеси. Уулу 39 жашта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости