www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандагы жарандык согуш маалында бир гана Кыргызстан качкындарга чек арасын жапкан эмес. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө “легендарлуу парламенттин” спикери Медеткан Шеримкулов эске салды.

Ал постсоветтик өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруу органдарынын арасында кыргыз парламентинин мурдагы жогорку ролун белгиледи.

«Карабактагы согушту токтото алган биздин парламент болду. Бизге чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрт резолюциясы кабыл алынган, анын бири да аткарылган эмес. Борис Ельцин (ошол кездеги Россия Федерациясынын президенти) менен Нурсултан Назарбаев да аракет кылышкан. Бирок, дал ушул кыргыз парламенти Армения менен Азербайжандын чатагын токтото алган.

Андан сырткары Тажикстанда тынчтыктын орношуна да биз эбегейсиз салым коштук. Жогорку Кеңештин 350 депутаты бир күн кечке отуруп, кошуналарга кантип жардам берүүнү талкуулашкан. Өзбекстан да, Түркмөнстан да чек араларын жаап, Кыргызстан гана чек арасын ачкан. 150 миңдей тажикстандыктарды кабыл алып, колдон келген жардамыбызды бердик. Бул жерде Кыргызстанда гана баш калкалап, жанын сактап кала алган тажиктерибиз биздин колдообузду эч качан унутпайт», - деди Медеткан Шеримкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости