www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Кадамжай райондук милициясынын улук ыйгарым укуктуу адамы (участковый) М.Б. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган милиция кызматкери арыздануучу жарандардан жол кырсык фактысын жашырып, оң чечим кабыл алуу менен жоопкерчиликке тартпоо үчүн мурда 40 миң сом пара катары акча алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында М.Б. мурда пара катары алган 40 миң сомдун ичинен 22 миң сом акча каражатын арыздануучуга кайтарып жаткан учурда кармалып, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилди.
Кармоо УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын жана Баткен ОИИБнин ИИКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Булак: NazarNews.kg