www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-октябрда депутаттар Жогорку Кеңештин жалпы жыйынга чогулду. Анда парламенттин экинчи төрагасы Алманбет Матубраимовдун 70 жылдык мааракесине карата куттуктоолор айтылып жатат.
Бүгүнкү жыйында депутаттарга А.Матубраимовдун ишмердүүлүгү тууралуу тасма көрсөтүлдү. Меймандардын арасында «легендарлуу парламенттин» төрагасы Медеткан Шеримкулов, Россия Федерациясынын мамлекеттик кеңешчиси Михаил Кротов, микрохирург Миталип Мамытов, Кыргызстандын мурунку премьер-министри Апас Жумагулов бар.
«Легендарлуу парламенттин» төрагасы Медеткан Шеримкулов парлмаентте сөз сүйлөп, жаңы шайланган депутаттарга бир топ кеп-кеңешин айтып өттү
«Урматтуу депутаттар, бул зал - тарыхий зал. Тилекке каршы, ушул залды үч жолу өрттөп алдык. Залда эмне күнөө?.. Күнөө башкаларда да... Ушул залда 1990-жылы 15-декабрда Кыргыз Республикасын суверендүү мамлекет деп жарыялаганбыз. 1990-жыл... Советтер союзу жашап турган мезгилде, так ошол 15-декабрда Кыргыз Советтик социалистик республикасы деген атын өзгөртүп, Кыргыз Республикасы деп жарыялаганбыз. Ал эми 1991-жылдын 31-августунда Эгемендүү мамлекет болдук. Бул тарыхтын баарын силер билесиңер.
Мына ушул жерде, ушул залда парламенттин жетекчилери, артында президентибиз, өкмөт башчылары баары сессияга толук катышчу. Эмне үчүн? Себеби, биз ошондо түшүнгөнбүз, биз жаңы мамлекет куруп жатабыз, ушул мамлекетти бутуна тургузбуп алганга аракет кылышыбыз керек деп, оюубуз, тилегибиз, жасаган аракеттерибиз бир болгон.
Ушул жерде мыйзамдар өтпөй турган кезде президент өзү чуркап келип, түшүндүрүп, өкмөт башчылар, министрлер чуркап келип, мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрөөр эле. Президент, парламент, өкмөт бирге иштегендигинин негизинде, кыргыз эли Кыргыз Республикасынын тез аранын ичинде бутуна тургузууга мүмкүнчүлүк алды.
Үч жолку болгон мамлекеттик төңкөрүштөрүн коркунучтуу жагы да, сабак алчу жагы да болду. Бирок, мамлекет болбой калат деген ой-пикирлер ишке ашкан жок. Кыргыз мамлекетинин күчтүү экендиги, түзүлгөн фундаменти бекем экендигин башыбыздан өткөн үч жолку сыноо көрсөттү. Эми мындан ары андай сыноонун кереги жок. Мындан ары ушул жерде отурган депутаттар менен бирге Республикабызды оңдоого, экономикабызды көтөрүүгө, стабилдүүлүккө жетүүгө, дүйнөдөгү мамлекеттердин арасында мыкты, өнүккөн, эң негизгиси эли бактылуу жашаган мамлекетке айлантабыз деген ойдомун.
Эл депутаттарды сындашат, урушат. Бирок, акырында ишеним көрсөтүп шайлап беришет. Мына ушул эң башкысы. Силер, элдин айтып жаткан ачуу сөздөрүн көтөрө билгиле, ошол сөздүн артында ачуу чындык жатканын билип, элди бириктирүүгө аракет жасагыла. Эң негизги күч бул - парламент. Парламенти жок мамлекет болбойт, айланайындар», - деди Шеримкулов.
Булак: NazarNews.kg