www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи Май райондук соту кечээ, 4-мартта ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматованын жарандык күйөөсү - Сыргак Кенжебаевди камакка калтырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Айтматова билдирди.

Анын айтымында, ал сот ишинин адилеттүү болушуна ишенбейт.

"Жолдошумдун соту боюнча эмне дээримди деле билбей калдым. Соттук системадан адилеттүүлүктү күтпөй деле калдым. Соттун бардык чечимдери Ак үйдүн 7-кабатынын коңгуроосу менен чечилген өлкөдө башкача чечим болмок да эмес.

Мындан сырткары, Айтматова алардын «Үмүт 2020» кыймылы иликтөөлөрүн чыгарууну улантса, Кенжебаевге карата зомбулук кылынышы мүмкүн деген пикирде.

"Албетте, бул мага саясий кысым көрсөтүү ыкмасы. «Үмүт 2020» иликтөөлөрүн улантса, абактагы күйөөмө кол салуулар болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук соту Кенжебаевди 2020-жылдын 20-апрелине чейин камакка калтырган. Жактоочу тарап бул чечимге каршы даттануу менен кайрылып, бирок, чечим өзгөрүүсүз калган.

Эске салсак, 19-декабрда Сыргак Кенжебаев Алматы шаарынын аэропортунан кытай ишкеринин арызынын негизинде алдамчылыкка шектелип кармалган. Айтматова күйөөсүнүн камалышын «Үмүт 2020» кыймылынын ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости