www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Иран өлкөсүнө жасалган аскердик соккуларга байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдиришти.
Расмий билдирүүдө күч колдонуу кабыл алынгыс экени белгиленип, бардык карама-каршылыктар эл аралык укуктун нормаларына жана Бириккен Улуттар Уюмун Уставынын принциптерине ылайык, диалог жана өз ара урматтоо аркылуу гана тынч жол менен чечилиши керектиги айтылды.
Ошондой эле ШКУ Ирандын эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Уюм бардык тараптарды сабырдуулукка чакырып, кырдаалды ого бетер курчутушу мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга үндөдү.
Мындан тышкары, ШКУ БУУнун жана анын Коопсуздук кеңешин эл аралык тынчтык менен коопсуздукка доо кетирген аракеттерге каршы тез арада чара көрүүгө чакырды.
Уюм кол салуунун кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Иран өкмөтүнө жана элине тилектештигин жана колдоосун билдирди