www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында жаӊыдан түзүлө турган Өкмөттүн      программасы, ошондой эле анын түзүмү менен курамын бекитүү жөнүндө маселеле каралды.

Жыйында ЖК депутаты Акылбек Жапаров, Кытай мамлекетине болгон карыз өтө кооптондуруп жаткандыгын айтты. Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 миллиард доллардан ашкан. Анын 4 миллиарды тышкы карыз, жарым миллиарды болсо ички карыз. Бул ички дүң продуктунун 58 пайызын түзөт. Тактап айтканда бул карыз 2005-жылы гана 67 миллион долларга азайганы болбосо жылына өсүп келген. Ошентип 1992-жылга салыштырганда 800 эсе көбөйгөн.

--"Алсак, 2011-жылы 56 миллион доллар, 2015-жылы 110 млн. доллар төлөгөнбүз. Эми быйылтан баштап көп төлөп жатабыз. 2018-жылы 191 млн. доллар, ал эми 2025-жылы 320 миллион доллар болот! Акыркы 5 жыл ичинде Кытай мамлекетине болгон карыз жалпы карыздын 44%ын түзгөн. 2025-жылдары сырткы карыздын 71% Кытайга төлөшүбүз керек. Ошончо акчаны биз кайдан табабыз?,- деп зар какшады ЖК депутаты Акылбек Жапаров.

Айтымында, эки тарап макулдашууда, 2012-жылы Акылбек Жапаровдун эскертүүсүнө карабастан, Жогорку Кеңеш Кытайдын мыйзамдарына ылайык келишим түзүп койгон. Андыктан түзүлгөн макулдашууларда өлкөнүн суверендүүлүгү эске алынбайт жана карыз төлөө мөөнөтү узартылбаган. Сот иштери Кытай мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 

Мына сага, Кыргызстанды өзү кыргыз элине күйгөн патриоттор башкарып жатабы же маңкурттарбы?! Cооронбай Шарипович, бир жылга жетпей барын-бар, жогун жок кылып салсаңыз жакшы болот эле. Болбосо 25 жылдан бери бийликтен кетпеген "мордалар", "баары жакшы" деп атып Сизди дагы жолдон чыгарбасын...Сак болуңуз...Акылбек Жапаров жөн жеринен күйгөн жок, билгени бар.

Булак: NazarNews.kg

 

  

Последние новости