www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Калк айтса калп айтпайт" дегендей акыркы учурларда саясатта эки жаат болуп бөлүнүп жатышкандыгы тууралуу ар кандай айың кептердин учугу үзүлбөй келет. Кечээ жакында эле Президент болуп келген Сооронбай Жээнбековдун коргоо кеңешинде чечкиндүү айткан сөзү экстерди эсине келтирдиби айтоор Мискенбаев көч башына туруп Президентке сын айтуу менен баштады. Бирок өкмөт азыр ак дебей же көк дебей оозуна талкан толтуруп алган немече үн катпай туру. Албетте Аксы окуясын жана 7-апрелди эскере турган Мискенбаевдин Медиа Форумдун алдында сүйлөгөн сөзү менен көтөрүп турган плакаттары саясаттагы эки жээкти кайрагандыгы эмей эмне?!
Бирок, Мискенбаев бирөөнүн көрсөтмөсү менен мындай кадамга барбаса өзүнүн башына келбейт эле. Демек саясаттагы мурунку президент Атамбаев менен Жээнбековдун ортосун мышык аралаган чындык дегенге далил.
Баарынан кызыгы Билим берүү жана илим министрлиги түз эле Атамбаевке дагы да болсо кызмат кылып жаткандай. Себеби Кудайбердиева кудай болуп, Мискенбаевдин чогулушуна киши толбой калбасын деп ордо калаадагы бакыйган төрт окуу жайдын студенттерин күчкө салып алдырып келгени тууралуу кулагыбыз чалды.
Сооронбай Жээнбековго сын пикир айта турган, Асилбек Жээнбековдун мандатына асыла турган Мискенбаевдин чогулушуна Жогорку окуу жайлардын студенттерин неге жөнөтөт? - деген суроо пайда болууда.
Демек, “Өкмөт башчы менен өлкө башчы да тирешип жатат”, деп айтууга негиз бар да. Асты тирешсе тирешишсин, ал тургай бири-бирин "тырмалап" салсын, бирок өз билимин алып жаткан студенттерди жана мугалимдерди жайына койбосо жаштарды толкутуп алышса өкмөтүң да Президентиң да токтото алышпай калат.
Булак: NazarNews.kg