www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баягы-илгери алкаштар алаамат салган күнү “снайперлер кармалды, тимеле атайын машыгуудан өткөн, дасыккан чет элдик снайперлер экен” деген маалыматты жаңылбасам Азимбек Бекназаров расмий түрдө билдирген эле. Бирок, жыйынтыгында ошол кармалды деген снайперлерин жазалап ийишкенин деле укпадык... Кыскасы, Азимбек Бекназаров ошол 7-апрель күнү түшүнө кирген нерселерди чаташтырып алганбы же чындап эле снайперлерди кармап, анан алчусун алып коё берип жибергенби, айтор белгисиз...

Чындыгында снайперлер деле болгон эместей, муну жөн гана ошол күнкү эл бузарлар өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин актап, негиздеш үчүн айтышкан. Экинчиден, ошол «апрель бузукулары» өздөрүнүн бийликти басып алганын тууралаш үчүн жана ошол кездеги бийликтерди жаманатты кылуу максатында айтылган апыртмалардын бири болгон.

Өткөнгө сереп салып ой жүгүртүп көрсөм, ошол 7-апрель күнкү бузукулуктан пайда тапкан ошол «убактылуу өкмөт» гана болгон окшойт. “Ыңкылап болду, эр-азаматтарыбыз Мекен үчүн, элдин келечеги үчүн жан беришти” деген менен, ошол «ыңкылап» деген немеден карапайым элге эч пайда болгон эместей. Болгону дал ошол мезгилдеги «убактылуу өкмөт» дегендер үчүн гана чоң пайда болуптур. Ошол убактылуу өкмөт дегендер өкмөт эмес эле, элди алдаган куулардын топтому, куулук менен бактылуу болгулары келишкен «куу-бактылуу өкмөт» болушкан окшойт. Ошол күндөрү «куу-бактылуу өкмөттүн» мүчөлөрү «коку-ууй, Бакиев тышкы карызды 2 млрд кылып жибериптир, кокуй, сотка менен сүйлөшкөнгө 60 тыйын кошуп салды” дешип элди дүрбөтүштү эле... Кыйратып, ыңкылап кылгандан кийин эмне болду? Тышкы карыз 4 млрдга өстү, сотка байланышына 60 тыйынды алып салган менен ордуна «шаг округления 10 секунд» деген эрежени баардык мобилдик операторлор киргизишти. Жыйынтыгында, 2-3 секунддук маякка 10 секунддун акчасын алышат.  6-7 секунд сөз айтканың үчүн 1 минуттун акчасы алынат. Орто эсеп менен алсак, күнүнө 8 минуттук сүйлөшүүгө 10 минуттун бирдиги алынат, башкача айтканда 2 сом. Ошондо баягы эле “60 тыйын за соединение” деген сумма чыгып калат... Анан кайдагы ыңкылап... Кыскасы, Азимбек байкемен сурайт элем – снайперлер кана? Же аларыңыз жообу жок жомок беле... Айтор, Бекназаров акебизге «Азимбек-жомокчу» же «Азимбек-шыпыр» деп тергеп койсок болчудай!

Жалпысы айтып жалганды,

Ыңкылап чууну салганбы.

“Жакшы турмуш болот” деп,

Алданды, Кыргыз, алданды.

Теңирден ырлар жалгашкан,

Теңсиздик элге жармашкан.

“Теңдик!” деп кылса ыңкылап,

Тебетей гана алмашкан.

Темирлан Ормуков, акын

Булак:NazarNews.kg

Последние новости