www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдали кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура милиция кызматкерлерине "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кыз ала качуунун курмандыгы болгон 20 жаштагы Бурулайдын өлүмүнөн кийин 23 милиция кызматкери жумуштан четтетилген. Тилекке каршы,  РИИБнин имаратында болгон окуя тууралуу үн тасма чыкты. Тасмада сүйлөп жаткан белгисиз жаран, Турдаалы кызы Бурулайдын өлүмүн “милиция кызматкерлери өлтүрдү” деп сүйлөгөн.

Айта кетсек, буга чейин Жайыл РИИБдеги болгон окуя боюнча Нурлан Сарчаев, “окуя болгондо, милиция кызматкерлери эшикти сындырып талкалап киришкен”, деп калп айткан, биздин редакция окуя болгон жерге барганда эч кандай эшик талкаланбаган, кол туткасы шашпай чечилип алынгандай. Каалгадан бир гана изди көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, “Бурулайдын өлүмүнө жол бергендер катуу жазаланышы керек, деп айтып  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге тапшырма берген.  

Баса, Бурулайды бычактап өлтүрдү деген Марсбек Бөдөшов боюнча эч бир адам, достору “Марс, мүнөзү жакшы, жоош жигит болчу, анын адам өлтүргөнүнө ишенбейбиз” деп айтып, ага болгон терс  пикирин айткан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости