www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын канцлери Олаф Шольц ZDF телеканалына берген маегинде Украинага сапарына тоскоолдуктарды атады. Анын айтымында, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди Киевде кабыл алуудан баш тартуусу «кедерги болуп турат», - деп билдирет ТАСС.
Немис өкмөтүнүн башчысы украин бийлигинин чечимин сынга алып, «мындай кылуу мүмкүн эмес» деп баса белгиледи.
«Келечекте өтө маанилүү болгон коопсуздук кепилдиктери үчүн зарыл болгон мынчалык аскердик жана экономикалык жардам көрсөткөн өлкөгө: президент келе албайт» деп айтылбашы керек», - деди Шольц.
Буга чейин Bild басылмасы Украинанын лидери Владимир Зеленский Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнүн өкмөттүк делегациялары менен 13-апрелде өлкөгө барууну пландаган Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди Киевде кабыл алуудан баш тартканын жазган.
Украин мамлекет башчысынын мындай чечимине Штайнмайердин Орусия менен тыгыз байланышы себеп болгон.
Булак: NazarNews.kg